Аны Советтер Союзунун маршалы, 1-Беларусь фронтунун командачысы, Жогорку башкы командачынын орун басары Георгий Жуков кабыл алган. Ал эми парадды Советтер Союзунун маршалы, 2-Беларусь фронтунун командачысы Константин Рокоссовский башкарган.
Парадды Жеңиш күнүнөн кийин дароо эле өткөрүүнү СССРдин Куралдуу Күчтөрүнүн башкы командачысы Иосиф Сталин чечкен. 1945-жылдын 24-майында Генералдык штаб Жеңиш парадын өткөрүү боюнча сунуштарды киргизген. Бардык шартка макул болгон Сталин бир гана параддын убактысына каршы чыккан. Штабдын сунушу боюнча парадды даярдоого эки ай керек эле, Сталин бир айдан кийин өткөрүүнү буюрган.
Парадды атчан кабыл алуу керек эле, мындан улам атта жакшы жүрө албаган Сталин бул вазийпадан баш тартат да, Жуковду чакырып: "Менден жашсыз, кавалеристсиз, андыктан парадды сиз кабыл аласыз" дейт.
Кызыл Армиянын Генералдык штаб жетекчисинин 1945-жылдын 24-майындагы директивасына ылайык, жеңиш парадына катышуу үчүн согуштун акырында кандуу кармашка катышкан 10 полк, Аскер-деңиз флотунун жана СССРдин Коргоо наркоматынын полктору тартылган. Мындан тышкары, Москвада жана Москва облусунда жайгашкан академия менен училищелердин жоокерлери, Москва гарнизонунун күчтөрү катышкан.
Жеңиш парадына катышуучулар атайын поезд менен Москвага 10-июндан тарта келе башташкан. Аларды уюштуруучулар Алешкинский, Лефортовский. Октябрь жана Чернышевский казармаларына жайгаштырышкан.
Кургактагы бөлүк парадга Москванын М.В.Фрунзе атындагы борбордук аэродромунун аймагында, Ходынь талаасында даярданышкан. Ал эми артиллерия Крым көпүрөсүнөн Смоленск аянтына чейинки аймакта, мотомеханизациялаштырылган жана бронетанкалык техника Кузьминкидеги полигондо даярдык көргөн.
Параддын ар бир катышуучусу үчүн жаңы үлгүдөгү форма тигилген. Уюштуруучулардын сценарийи боюнча жоокерлердин жүрүшү Москвага Берлинден 20-июнь күнү алып келинген Жеңиш Туусун алып чыгуу менен башталмак. Аны тууну рейхстагга сайган Михаил Егоров менен Мелитон Кантария жана туу сайылып жаткан маалда батальонду коргоп турган Степан Неустроев алып чыкмак. Бирок алардын катарда басуу даярдыгы начар эле. Анын үстүнө Неустроев алган жарааттарынан улам аксагандыктан, Жеңиш Туусун таптакыр эле чыгарбоо чечими кабыл алынган.
1945-жылдын 24-июнунда таңдан тарта күн бүркөлүп, жамгыр жаай баштайт. Эртең мененки саат сегизде парад катышуучуларынын баары тизилип бүтөт. Саат тогузда Кремль дубалынын трибунасы СССР менен РСФСРдин Жогорку Советинин депутаттары, наркомат кызматкерлери, маданият ишмерлери, жумушчулар, чиркөө өкүлдөрү, чет өлкөлүк дипломаттар жана чет элдик конокторго жыкжыйма толот. Саат 9.45те В.И.Лениндин Мавзолейинин трибунасына Иосиф Сталин баш болгон Совет өкмөтүнүн жетекчилиги көтөрүлөт.
Парадды башкарган Константин Рокоссовский жал-куйругу төгүлгөн жорго минип, кабыл алчу Георгий Жуковду көздөй багыт алчу ордун ээлейт. Саат туптуура 10.00дө, Кремль куранты белги бере баштаган маалда, ак боз ат минген Жуков Кызыл аянтка келет. Рокоссовский рапорт берип, экөө куралдуу күчтөрдү айланып чыккандан кийин "Баарыңар уккула!" деген белги жаңырат да, генерал-майор Сергей Чернецкийдин башкаруусу алдында 1,4 миң кишиден турган оркестр Михаил Глинканын "Славься, русский народ!" чыгармасын аткарат. Жуков Мавзолейдин трибунасынан сөз сүйлөп, андан кийин СССРдин мамлекеттик гимни жаңырат. Ошол эле маалда 50 ирет артиллериялык салют атылып, аянттан үч жолу "Ура!" деген ураан айтылат. Ушундан соң гана салтанаттуу жүрүш башталат.
Парадга тартылган полктордун баары тынымсыз басып өткөндөн кийин оркестр токтоп, ошол жымжырттыкта 80 барабан ойноло баштайт. Кызыл аянтка 1-мото аткычтар дивизиясынын жоокерлеринен турган колонна германиялык армиянын 200 туусун ылдый каратып алып чыгат. Мавзолейдин ылдый жагында эки секиче бар эле. Ошол тушка келгенде жоокерлер оңго бурулуп, душмандын жеңилишинин белгиси катары колундагы тууларын ыргытышкан. Карап турган элге бул көрүнүш аябай жаккан эле.
Андан соң оркестр кайра ойноп баштап, калган жоокерлер өтөт. Тынбай жааган жамгырга карабай эки саатка (122 мүнөт) созулган парадды оркестр жыйынтыктайт. Ага 24 маршал, 249 генерал, 2536 офицер, 31 116 сержант жана жоокер катышкан.
Ошол эле күнү кечи саат 11де зенитчилер көтөргөн 100 аэростаттан 20 миң ракета учурулуп, асманда "Жеңиш" орденинин элеси тартылат. Бул майрамдын кульминациясы эле.
Эртеси, 25-июнда, Кремлдин Чоң сарайында Жеңиш парадынын катышуучуларына арналган кече өтөт. Советтик жетекчиликтин жана Жогорку командачылыктын сунушу менен 1945-жылдын сентябрында Берлинде союздук күчтөрдүн кичи парады өтүп, ага советтик, америкалык, англиялык жана франциялык жоокерлер катышат.