https://sputnik.kg/20200623/covid-zhukturgandardyn-sany-9-milliondon-ashty-1048765758.html
Дүйнөдө COVID жуктургандардын саны 9 миллиондон ашты
Дүйнөдө COVID жуктургандардын саны 9 миллиондон ашты
Жаңыланган маалыматка караганда, 9 098 643 киши вирус жуктурса, анын ичинен 4 513 310 бейтап сакайып кетти. Каза болгондордун саны 471 миңден ашты. 23.06.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-06-23T12:46+0600
2020-06-23T12:46+0600
2021-12-17T15:13+0600
/html/head/meta[@name='og:title']/@content
/html/head/meta[@name='og:description']/@content
https://sputnik.kg/img/104876/51/1048765119_0:0:3072:1739_1920x0_80_0_0_ca5d83f16052a1c368842f0ef48afea9.jpg
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104876/51/1048765119_0:0:3072:1931_1920x0_80_0_0_9cff32706019b83430287e15a6bf9486.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rosiya Segodnya“
дүйнөгө жайылган коронавирус , жаңылыктар, дүйнөдө, коом
дүйнөгө жайылган коронавирус , жаңылыктар, дүйнөдө, коом
Дүйнөдө COVID жуктургандардын саны 9 миллиондон ашты
12:46 23.06.2020 (Жаңыртылды: 15:13 17.12.2021) Жаңыланган маалыматка караганда, 9 098 643 киши вирус жуктурса, анын ичинен 4 513 310 бейтап сакайып кетти. Каза болгондордун саны 471 миңден ашты.
БИШКЕК, 23-июн. — Sputnik. Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жугузган адамдардын саны тогуз миллиондон ашты. Бул тууралуу Жон Хопкинс университетинин сайтында маалымдалды.
Жаңыланган маалыматка караганда, жалпы 9 098 643 киши вирус жуктурса, анын ичинен 4 513 310 бейтап сакайып кетти. Каза болгондордун саны 471 миңден ашты.
Вирус жуктургандардын саны боюнча алдынкы орунда АКШ турат. Иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча ал жакта 2 312 302 киши вируска чалдыкканы белгилүү болду. Экинчи орунду 1 106 470 учур менен Бразилия ээлеген. Үчүнчү орунда Россия (591 465), төртүнчүдө Индия (425 282), бешинчиде Улуу Британия (306 761) орун алды.
Каза болгондордун саны боюнча дагы АКШ алдына эч кимди сала элек. Мында вирустан 120 402 киши көз жумду. Экинчи орунда Бразилия (51 271), үчүнчүдө Улуу Британия (42 731).
Акыркы учурда вирусту бир аптанын ичинде бир миллион адам жугузуп алып жатканы айтылды.