1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар

© Фото / из архива Государственного исторического музеяСССРдеги Чехословакиянын Биринчи Армия Корпусунун Прагага кириши. 9-май, 1945-жыл
СССРдеги Чехословакиянын Биринчи Армия Корпусунун Прагага кириши. 9-май, 1945-жыл - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан 79 жыл мурда, 1941-жылы 22-июнда, СССРге фашисттик Германия менен анын өнөктөштөрү капысынан кол салган. Буга карабастан Советтик Армия баскынчылардын чабуулунун мизин кайтарган.

Эл-жерин түп көтөрүлө коргогондордун арасында кыргызстандык да жоокерлер бар эле. Совет эли бул согушту Улуу Ата Мекендик согуш деп атап, гитлерчилер менен кашык каны калганча согушту. Улуу Ата Мекендик согуш 1418 күнгө созулган. Кыргызстандан кан майданга 360 миңден ашуун аскер аттанып, 160 миңден ашык мекендешибиз курман болду. Ал эми жалпы СССР 27 миллион жаранынан айрылды. Бул согуш мурдагы союздук республикалардын элинин жүрөгүндө кара так калтырды десек жаңылбайбыз.

Мокеш Асылбаев (1922-2009). Согушта кат жазышып жүрүп болочок жубайы менен таанышкан

© Фото / из архива Каракольского историко-краеведческого музеяКомандачылыктын Асылбаев Мокештин атасына жиберген ыраазычылык каты. 1944-жыл, 17-октябрь
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Командачылыктын Асылбаев Мокештин атасына жиберген ыраазычылык каты. 1944-жыл, 17-октябрь

(архивдик материал)

Бои за высоту на правом берегу Днепра - Sputnik Кыргызстан
Моргдон туруп келип аман калган... Согушка катышкан кыргызстандыктардын баяны
— 1944-жылы 17-октябрда 1-Украина фронтунун гаубица-артиллериялык 1475-полкунун командачылыгы ага сержант Мокеш Асылбаевдин “Эрдик” медалы менен сыйланганы тууралуу атасы Асылбай Таштанбековго кат жазышкан. Бул медаль Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын кулуну Мокештин биринчи аскердик сыйлыгы эле. Асылбаев Украина, Польша жана Чехословакияны фашисттик запкыдан бошотууга катышкан. 1945-жылы 6-мартта ага өзгөчө каармандыгы үчүн экинчи жолу ”Эрдик” медалы ыйгарылган. Жеңиш күнүн кандашыбыз Чехословакиянын борбору Прага шаарында тоскон. Асылбаевди согушта көрсөткөн каармандыгы үчүн командачылык “Кызыл Жылдыз” ордени жана 3-даражадагы “Даңк” ордени, “Праганы бошотуу үчүн” жана “Германияны жеңүүгө катышканы үчүн” медалдары менен сыйлаган. Эң кызыгы, боордошубуз Улуу Ата Мекендик согуштун учурунда жубайы Салима Орозбаева менен кат аркылуу таанышкан. Салима комсомолдо иштечү экен. Ал кан майдандагы жоокерлерге байпак, мээлей, жүз аарчыларды жана салам каттарды жазганы айтылат. Ошол каттардын бири Макештин колуна тиет. Ошондон баштап бири-бирине кат жазышып жүрүшөт. Согуш бүтүп, Асылбаев Кыргызстанга кайтып келгенде, дароо Салима менен көрүшүп, экөө үйлөнүшөт.

Коңурбай Чаргынбаев (1905-1963). Батыш Буг дарыясындагы эрдик

© Фото / Иссык-Кульский областной государственный архив Ф-1095,ОП-23,Д-1,2Чаргынбаев Коңурбай (сол жактан бешинчи). Ак-Суу району, Маман айылы
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Чаргынбаев Коңурбай (сол жактан бешинчи). Ак-Суу району, Маман айылы

(архивдик материал)

Ак-Суу районунун Маман айылынын тургуну Чаргынбаев кан майданга 1941-жылы аттанган. Россиялык “Память народа” сайтынын архивдик материалында: "Чаргынбаев 1-Беларус фронтунун гаубица-артиллериялык 229-полкунун катарында согушкан. 1944-жылы 3-августта Коңурбайдын полку Батыш Буг дарыясын өтүп жаткан учурда батареядагы замбиректин мээлегичи жарадар болот. Анын ордуна Чаргынбаев туруп, замбиректин ок атуусун токтотпойт. Муну менен ал аскердик операциянын ийгиликтүү өтүшүн камсыздаган. Коңурбайдын мындай эрдигин баалап, командачылык “Аскердик каармандыгы үчүн” медалы менен сыйлаган", — деп жазылган.

Адыл Ыбраев (1925-2008). 40 жылдан кийинки сыйлык

© Фото / Иссык-Кульский областной государственный архив Ф-1095,ОП-17,Д-17Адыл Ыбраев (1925-2008)
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Адыл Ыбраев (1925-2008)

(архивдик материал)

— Ыбраевдин аскердик жолу 1941-жылы 23-январдан тарта башталган. 1945-жылы 9-майда фашисттик Германия расмий түрдө багынган соң ал кызмат өтөгөн 258-өзүнчө танкалык бригада Ыраакы Чыгыштагы Забайкалье фронтуна жөнөтүлөт. Адыл бул аскердик бөлүктө танкка каршы атылчу куралдын автоматчиги болчу. Он күндөн кийин Ыбраев эки бутунан жарадар болуп, Благовещенск жана Ташкент шаарындагы аскердик госпиталда дарыланган. 1947-жылы Ыбраев Ысык-Көлгө кайтып келет. Орто мектепте мугалим, кадрлар бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген. 1985-жылы 6-апрелде Жеңиштин 40 жылдык мааракесине карата СССРдин коргоо министринин буйругу менен Улуу Ата Мекендик согуштун 2-даражадагы ордени менен сыйланат.

Кайду Таев (1924-2006). Эр жүрөк тракторист

© Фото / Иссык-Кульский областной государственный архив Ф-1095,ОП-9,Д-9Кайду Таев (1924-2006)
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Кайду Таев (1924-2006)

(архивдик материал)

Бул каарманыбыз Ак-Суу районунун Ново-Константиновка кыштагындагы орто мектепте жети класстык билим алган. 1938-жылдан баштап 1942-жылга чейин колхоздо тракторист болуп иштеген. Ошол жылы 6-августта кан майданга аттанган. Ал 1-Украина фронтунун 54-полкунун катарында согуша баштаган. 14 жылдан кийин анын эрдиги бааланып, 1959-жылы 28-ноябрда СССРдин Жогорку Кеңешинин президиуму Кайду атабызды “Аскердик каармандыгы үчүн” медалы менен сыйлаган.

Качаган Омуралиев (1918-2007).

© Фото / Иссык-Кульский областной государственный архив Ф-1095,ОП-13,Д-13Качаган Омуралиев. Каракол шаары. 1995-жыл
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Качаган Омуралиев. Каракол шаары. 1995-жыл

(архивдик материал)

Великая Отечественная Война - Sputnik Кыргызстан
"Кан болгон сүрөтүңдү кайра таап алдым". Фронттон келген катты барактап
— Омуралиев 1939-жылы Кызыл Армиянын катарына чакырылып, ал үчүн согуш Балтика деңизинин боюндагы республикалардын чек арасынан башталат. Советтик аскерлер фашисттик Германиянын армиясына туруштук бере албай чегинип, Омуралиев оң бутунан жарадар болот да Ногинск шаарындагы госпиталда бир ай дарыланган. Андан кийин кайра армиянын катарына кошулуп, аскердик жолун уланткан. Качаганга сержант наамы ыйгарылган. 1943-жылы 6-мартта 370-дивизиянын 439-чалгынчылар ротасынын катарында кызмат өтөп жүргөн учурда командири экөө немис чалгынчысын колго түшүргөн. Омуралиевдин мындай эрдигин баалап, командачылык “Эрдик” медалы менен сыйлаган. Андан кийин чабуул учурунда Качаган командиринин өмүрүн сактап калган үчүн "Улуу Ата Мекендик согуш” орденинин 2-даражадагысы менен сыйланат. 1943-жылы август айында ал оор жарадар болот. Эки ай дарылангандан кийин ден соолугуна байланыштуу армиянын катарынан бошотулуп, Кыргызстанга кайтып келет.

Василий Верещагин (1925-2015): Үстөккө-босток бомбалап жатканда аябай кубандык

© Фото / Иссык-Кульский областной государственный архив Ф-1114,ОП-1,Д-3Василий Верещагин. Пржевальск шаары. 1968-жыл
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Василий Верещагин. Пржевальск шаары. 1968-жыл

(архивдик материал)

Россиянын президенти Владимир Путин. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Улуу Жеңишке 75 жыл: тарых жана келечек алдындагы жалпы милдет". Путиндин макаласы
— 1943-жылы 20-февралда мени Пржевальск калаасындагы аскер комиссариаты Кызыл Армиянын катарына чакырып, бизди кеме менен Балыкчы шаарына чейин алып келишти. Себеби Ысык-Көлдүн боюндагы айылдардан дагы аскерге кетчү жигиттерди чогултуш керек эле. Ошентип беш күндө калгандарды чогултушту. Адегенде Ташкент калаасына келдик. Бир аз убакыттан кийин Бухара шаарына жөнөтүштү. Күзгө чейин ал жерден алгачкы аскердик даярдыктан өтүп, Украинадагы 144-запастагы полктун катарына кошулдук. Командачылык I жана II Балтика фронтундагы согушуп жаткан 128-гвардиялык авиациялык бомбардировщик полкуна отуз жоокерди, анын ичинде мени да бөлүштүрдү. Авиамоторист кызматына дайындалдым. Согуш учурунда экипажым аман келсе экен деп тилечүмүн. 1945-жылы фашисттердин ордосу Кенинсберг шаарын полкубуз үстөккө-босток бомбалап жатканда кубанычыбыз ичибизге батпай жатты. Акыры калаа багынды. Командачылык “Кенинсберг шаарын алгандыгы үчүн” медалы менен сыйлады. Жеңиш күнүн ушул шаардан тостук.

Касым-Алы Бостериев (1907-1980). Эр жүрөк танкист

© Фото / Иссык-Кульский областной государственный архив Ф-1095,ОП-2,Д-2Полковник Касым-Алы Бостериев. Пржевальск шаары. 1947-жыл 13-декабрь
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Полковник Касым-Алы Бостериев. Пржевальск шаары. 1947-жыл 13-декабрь

(архивдик материал)

Жүрөктү эзип... Бишкекте өткөн Өлбөс полк — онлайн акциясынан видео - Sputnik Кыргызстан
Жүрөктү эзип... Бишкекте өткөн "Өлбөс полк — онлайн" акциясынан видео
Бостериев 1907-жылы Түп районунун Күрмөнтү айылында төрөлгөн. 10 жашында ата-энеси каза болот. Аргасыздан байларга жалданып иштеп, жетимчиликтин азабын тартат. 1925-жылы балдар үйүнө өтүп, ал жерде эки жыл окуйт. Андан соң Фрунзе шаарындагы жумушчу факультетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктайт. 1932-жылы кыргыз жаштарынын ичинен алгачкы болуп Киев калаасындагы №2 артиллерия мектебине өтүп, 1934-жылы бүтөт. Орто Азия жана Батыш өзгөчө аскер округдарында кызмат өтөйт. 1941-жылдын август айынан баштап 100-танкалык полкунун катарында фашисттерге каршы согуша баштайт. Ошол эле жылы декабрдан баштап 1942-жылдын февралына чейин Москваны коргоого катышат. Андан кийин Волхов фронтунда 29-танкалык бригаданын катарында алты айга созулган чабуулдук операцияларга катышып, жеңил жарадар болот. Танкалык батальондун командиринин орун басарлыгына дайындалат. 1942-жылы ноябрь айында командачылык Москва шаарындагы Иосиф Сталин атындагы академияга окууга жиберет. Бул жогорку окуу жайды 1945-жылы апрелде аяктайт. Чехословакияны бошотууга үлгүрөт. Улуу Ата Мекендик согушта көрсөткөн эрдиги үчүн үч ирет “Кызыл Туу”, “Кызыл Жылдыз”, “Ленин” ордени, “Ленинградды коргоого катышканы үчүн”, “Аскердик каармандыгы үчүн” жана “Германияны жеңүүгө катышканы үчүн” медалдары менен сыйланат. 1947-жылы жердешибиз Касым-Алы Кыргызстанга майор наамында кайтат.

Рудольф Маречек (1888-1970).

© Фото / из архива Государственного исторического музеяИнтергельпо кооперативин негиздөөчүлөрдүн бири Рудольф Маречек, 1957-жылдын октябрь айы
1418 күнгө созулган Улуу Ата Мекендик согуш. Майданда кан төккөн кыргызстандыктар - Sputnik Кыргызстан
Интергельпо кооперативин негиздөөчүлөрдүн бири Рудольф Маречек, 1957-жылдын октябрь айы

Тарых илимдеринин кандидаты Туратбек Сырдыбаев теги чех атактуу советтик мамлекеттик ишмер Рудольф Маречек жана баласы Боривойго байланыштуу кызыктуу фактыны айтып берди.

— Улуу Ата Мекендик согушка чейин ата-бала Кыргызстанда альпинизм спортун түптөп өнүктүрүшкөн. Анткени Рудольф Чехиянын тоолуу аймагы Моравияда төрөлүп, бала чагынан альпинизмди өздөштүрүүгө умтулган. 1941-жылы согуш башталганда ал уулу Боривой менен Кыргызстанда атайын тоо аткычтарды даярдаган. Алар машыктырган жоокерлер Түндүк Кавказда фашисттик баскынчыларга каршы согушкан. 1944-жылы Боривой тынбай суранып жатып биринчи Чехословакиянын армиялык корпусунун катарына кошулуп, Ата Журтун Гитлердин запкысынан бошотууга катышат. Тилекке каршы, согуш бүткөндөн кийин булар түптөгөн тоолуу аткычтарды даярдаган мектеп жоюлган. Рудольф "Жакынкы келечекте мындай ойлонулбай кабыл алынган чечим Советтик Армияга терс таасирин тийгизет", — деп жетекчиликке көрөгүчтүк кылып жазган экен. Чынында ал айткандай Афганистандагы он жылга созулган согушта советтик аскерлер тоолордогу салгылаштарда далай оор жоготууларга учураган. Ошондуктан 1987-жылы тоолуу аткычтарды даярдоо кайра башталган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги согуш отун кечкен кыргызстандыктарды буга чейин да тизмектеп, аталарыбыздын көрсөткөн эрдигине дайым таазим этип келет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0