БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Бир сутка ичинде коронавирустан сакайып 10 киши ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
"Анын ичинен үчөө Бишкек шаарынан, бири Чүй облусунан, бири Ош шаарынан, экөө Нарын, үчөө Талас облусунан", — деди министр.
Республика боюнча жалпы 2021 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.