Жалал-Абаддын мэри Мураталы Тагаев симптому жок коронавируска кабылды

© Фото / пресс-служба горкенеша Жалал-АбадаДепутат, торага Джалал-Абадского городского кенеша Мураталы Тагаев
Депутат, торага Джалал-Абадского городского кенеша Мураталы Тагаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаар башчысынын абалы туруктуу экени айтылды. Учурда мекеменин бардык кызматкерлери ПЦР-тест тапшырып, жыйынтыгын күтүп жатат.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Жалал-Абад шаарынын мэри Мураталы Тагаевден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматынын жетекчиси Азамат Жээнбеков билдирди.

Анын айтымында, шаар башчысынын ПЦР-анализи кечээ, 18-июнда, чыгып, коронавирус бар экенин көрсөткөн. Тагаевде оорунун симптомдору жок болгондуктан, министрликтин жаңы алгоритми боюнча үй карантинге алынган.

"Мэрдин абалы туруктуу, тиешелүү медициналык кеп-кеңештерди алып жатат. Кечээ мэриянын бардык кызматкерлери ПЦР-тест тапшырды, учурда жыйынтыгын күтүп жатабыз. Ошого жараша иш тартиби өзгөрүшү мүмкүн, азыр штаттык режимде иштеп жатабыз", — деп билдирди маалымат катчы Жээнбеков.

Ал ошондой эле Жалал-Абад мэриясы бардык санитардык эрежелерди сактоо менен иштеп жатканын белгилеп, мэр эл аралап жүргөндө вирусту жугузуп алышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0