Тагаев Мураталы Абдыкарович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба горкенеша Жалал-АбадаТагаев Мураталы Абдыкарович
Тагаев Мураталы Абдыкарович - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мураталы Тагаев 1978-жылы 15-июлда Жалал-Абад шаарында туулган.

Билими:

Жалал-Абад коммерциялык институтунун "Финансы жана насыя" факультетин аяктаган.

Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясынын "юриспруденция" факультетин аяктаган.

Эмгек жолу:

06.1996 – 10.1996 — "Баатыр-Ата" АК, бухгалтер;

10.1996 – 10.2000 — "Баатыр Ата" АК, экономист;

10.2000 – 03.2001 — КР президентине караштуу баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссияда инспектор;

03.2001 – 07.2002 — КР президентине караштуу баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссияда 1-категориядагы адис;

07.2002 – 04.2003 — КР президентине караштуу баалуу кагаздар рыногу боюнча улуттук комиссияда алдыңкы адис;

10.2006 – 02.2007 — Мамлекеттик салык инспекциясынын Сузак районундагы бөлүмүндө инспектор;

02.2007 – 07.2007 — Мамлекеттик салык инспекциясынын Сузак районундагы бөлүмүндө карызкорлор менен иштөө бөлүмүндө инспектор;

07.2007 – 05.2009 — "Баатыр Ата" АК, аткаруучу директор;

— 06.2009 – 08.2009 — Жалал-Абад мамлекеттик администрациясында финансы бөлүмүндө алдыңкы адис;

08.2009 – 09.2010 — Жалал-Абад мамлекеттик администрациясында финансы бөлүмүндө башкы адис;

09.2010 – 12.2012 — "Тагай-Бий" соода-тиричилик комплексинде башкы директор;

12.2012 – 09.2014 — Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы;

2014 – 2017 — Жалал-Абад шаардык кеңешинде депутат;

11.2017 – 06.2018 — Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы;

2018-жылдын 11-июнунан тарта Жалал-Абад шаарынын мэри.

Башка маалыматтар:

Үй-бүлөлүү, эки кыз, эки уулдун атасы.

Жаңылыктар түрмөгү
0