Мечиттердин кире беришине дезинфекциялык каражаттар коюлуп, кызматкерлер кирген адамдардын дене табын текшерүүдө. Мусулмандардын намаз учурунда ортодогу аралыкты сактоосу зарыл. Алар бири-биринен жок дегенде 1,5 метр алыстыкта ибадат кылышы керек.
Аталган тартиптер менен талаптар муфтияттын расмий сайтында жарыяланган. Ага ылайык, ден соолугу начар жана улгайган адамдардын мечитке барбай туруусу сунушталууда. Ошондой эле ал жакка балдар менен да барбай туруу эскертилет.
Кыргызстанда бардык тармактардын ишмердүүлүгүн жүргүзүүдөгү чектөөлөр алынды. Ал эми массалык иш-чаралар, көңүл ачуучу жай, интернет-клуб, соода борборлорундагы оюн-зоок аянтчаларынын иштөөсүнө уруксат бериле элек.
© Sputnik / Акылбек БатырбековКыргызстанда 8-июндан тарта жума намаздарды өткөрүүгө уруксат берилди
Кыргызстанда 8-июндан тарта жума намаздарды өткөрүүгө уруксат берилди
© Sputnik / Табылды КадырбековМосква көчөсүндөгү мечитке карантинден кийин бир топ эле адам келди
Москва көчөсүндөгү мечитке карантинден кийин бир топ эле адам келди
© Sputnik / Табылды КадырбековМечиттерге бет кап менен гана кирүүгө уруксат берилген
Мечиттерге бет кап менен гана кирүүгө уруксат берилген
© Sputnik / Табылды КадырбековКире бериштерге дезинфекциялык каражаттар орнотулган
Кире бериштерге дезинфекциялык каражаттар орнотулган
© Sputnik / Табылды КадырбековМечит кызматкерлери келгендердин дене табын текшерүүдө
Мечит кызматкерлери келгендердин дене табын текшерүүдө
© Sputnik / Табылды КадырбековМечиттин ичинде адамдарды аралыкты сактап отургузууда
Мечиттин ичинде адамдарды аралыкты сактап отургузууда
© Sputnik / Табылды КадырбековМусулмандардын ортосунда жок дегенде 1,5 метр аралык сакталышы зарыл
Мусулмандардын ортосунда жок дегенде 1,5 метр аралык сакталышы зарыл
© Sputnik / Табылды КадырбековИбадат кылгандардын бардыгы ал талаптарды аткарышты
Ибадат кылгандардын бардыгы ал талаптарды аткарышты
© Sputnik / Табылды КадырбековПандемиялык абалга байланышту март айынын соңунда КР аймагында мечиттерге баруу тыюу салынган
Пандемиялык абалга байланышту март айынын соңунда КР аймагында мечиттерге баруу тыюу салынган
© Sputnik / Акылбек БатырбековМуфтият санитардык талаптарды иштеп чыккан
Муфтият санитардык талаптарды иштеп чыккан