Келинимдин жүдөөлүгү көкөйгө тийди. Айласы куруган кайнененин каты

CC0 / Pixabay / Jan VašekПроблемы с ожирением
Проблемы с ожирением - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасына бул ирет келини менен бир үйдө батыша албай калган кайнененин каты жарыяланды.

Саламатсыздарбы? Жашым 60ка барып калды. Көп жыл медицина тармагында иштеп, азыр пенсиядамын. Бир уул, эки кызым бар. Кыздарым турмушка чыгып, орун-очок алышты. Уулумдун үйлөнгөнүнө алты жылга чукулдады. Бирок келиним экөөбүздүн жылдызыбыз келишпей койду. Өтө эле бош, жүдөө. Айтып, үйрөтүп алам го деп ойлогом, бирок майнап чыккан жок.

Терезенин жанында кыз отурат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жеңем апамды киши ордуна көрбөйт. Чырдан тажаган кыздын каты
Өзү деле эки баланын энеси болду. Кыбырап жасаган жумушун арбытпайт. Башында мен иштеп жүргөндө жумуштан келсем идишти, кирди үйүп салган учуру далай болчу. Абышкам мага айтат, мен келинге айтсам кыялын көрсөтөт. Айтор, биздин үйдөгү тартипке көнбөй койду. Майда ишке баш оорутпай эле коелу десек, муну адат кылып алды окшойт. Ары-бери басып жүрүп, кечки тамакты 8-9дан баштап жасап, түнкү 11-12де жеген күндөр болду. Иштеп атса да бир жөн. Балдарын абышкам карашат, бошой калсам, өзүм кол кабыш кылам. Артынан жыйнап, айтып атып тажап да кеттим. Биз өзүбүз тазалыкка, тыкандыкка көнгөнбүз, алты жылдан бери ашмалтайыбыз чыгып бүттү. Үйдүн чачылып жатканынан киши келгенде өлбөгөн төрт шыйрагым калат. Бөлүп салайын дейм, элдин кеп-сөзүнөн чочулайт экенсиң. "Бир баласын батыра албай бөлүп салды" деп айтабы дейсиң. Чогуу да жашай албай калдым, ушунчалык тажадым. Уруша берип бир күнү уулум экөөнү ажыраштырып албайын деп да корком. Балдары турса "мейличи" деп көз жумасың. Бирок дээринде болбогондон кийин канча айтсаң деле укпайт экен. Кээде экөөбүз калганда кызымдай кылып акыл-насаатымды айтып калам. Бир кулагынан кирип, бир кулагынан чыгып кетет. Психологго кайрылып жаткан себебим да ушул. Эмне кылсам болот? Өз үйүмө өзүм батпай калдым. Анын жүдөөлүгүнө да мындан ары чыдай албайт окшойм.

Жизель Малиева, психолог:

— Кайсы ата-эне болбосун "балдарым жакшы жашасын, жакшы жубайга туш болсо" деп тилейт. Бирок кандай келин келген күндө да аны "жаман" дей бербей, жакшы сапаттарын көрө билүү зарыл.

Көчөдө бараткан киши. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Кайнатамдын кемсинтип басынтканы тажатты... Күйөө баланын каты
Кат жазган эже келинин үй-бүлөдөгү тартипке, тазалыкка көндүрөйүн деп аракет кылыптыр. Бирок жылыш жок. Көп учурда кайнене менен келиндин бир үйдө чогуу жашашы көйгөй жаратат. Ага келин да, кайнене да даяр болгону дурус. Көйгөй жараткан себептер — үй жыйноодо, тамак жасоодо, баланы тарбиялоодо эки жактын көз карашы эки башка болот.

Айта кетчү нерсе, кайнене келинге кечке эле акыл үйрөтө берүүдөн алыс болушу керек. Анткени сын уга берген адамда "мени баалабайт" деген сезим пайда болуп, кыжырлана баштайт. Таарыныч ошондон чыгат. Негизи эле экөөнүн бири кемчиликтин артынан гана кууп алганда, мамилелери солгундайт.

Каттын авторуна кеңешим, анчалык чогуу жашоодон тажасаңыз жаштарды өзүнчө бөлүп коюңуз. Тааныш, туугандын кеп-сөзүнө карабай эле койгон оң. Аларды өзүнчө бөлгөндө жашоого болгон көз караштары өзгөрөт. Көйгөйлөрүн өздөрү чечкенди үйрөнүшөт.  Келиндин үй оокатына болгон мамилеси өзгөрөт, өзгөрбөсө, уулуңуз экөө өздөрүнчө чечип алышат. Өз алдынча жашоо — өз күчүнө ишенип жашоого мажбур кылат. Тазалык, тарбия жана үй оокатына болгон мамиленин жоопкерчилиги жеке келиндин мойнунда болот.

Өзүнчө бөлгөндөн кийин сый мамиледе да болуп каласыздар. Бул кеңештер кат жазган аялга жөн гана багыт. Акыркы чечимди өзү кабыл алсын. Башкысы — балдарынын жашоосун, экөөнүн бири-бирине болгон мамилесин үйдөгү тиричилик үчүн бузуп алуудан абайлашы керек. Аны жогоруда, өзүңүз деле айтып жатпайсызбы. Анткени үй-бүлө бузулса, аны кайра калыбына келтирүү оңой эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0