00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Будь в курсе
Археологическая сенсация в КР: итоги подводной экспедиции в районе Тору-Айгыра
10:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Михаил Булгаковдун чыгармачылыгы: маданий көргөзмөнүн мааниси жана максаты
11:04
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Почему растут цены на топливо и что будет дальше - мнение нефтетрейдеров
12:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жаңы көмүр кендери ачылат — 2026–2027-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдык башталды
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Миллионы на алтарь империи: кто и зачем планировал геноцид китайского народа — беседы о Китае
14:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:06
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Караколдо аялына бензин чачып өрттөгөн адамга өкүм чыкты

© AP Photo / Jessica HillСудья балканы кармат турат. Архив
Судья балканы кармат турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кийин бети-колу күйүп жабыркаган келин күйөөсүн кечиргенин билдирген болчу. Бирок укук коргоо органдары анын тосмо арызын кабыл алган эмес.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Шаардын чок ортосунда жарандык никедеги аялын өрттөп жиберген эркек киши 7,5 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу маалымат Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Эркек кызды чачынан тартып жатат. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
1000 сомдун айынан ажал таап... Аялын өлтүргөн эркекке өкүм чыкты
Өкүмгө ылайык, окуя Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы базарлардын бирине жакын жерде болгон. Анда мурда бир нече жолу соттолгон 36 жаштагы тургун арак ичип алып келинчегинин жумушуна келип ызы-чуу чыгарган. Андан соң май куюучу жайдан бир литр бензин сатып алып, аялын бирдик салып иштеген жайына камап, май чачып өрттөп, өзү ал жактан качып кеткен.

Укук коргоо кызматкерлери аны бат эле колго түшүрүп, Жазык кодексинин 39-130 беренесинин ("Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет көрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүш ачылып, шектүү эки айга камакка алынган.

Ал эми 33 жаштагы жабырлануучу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган. Келиндин колу-буту, бети күйүп, оор жаракат алганы айтылат.

Айыпталуучу өз көрсөтмөсүндө мындай кадамга аялынын ызаланткан сөздөрү себеп болгонун билдирген.

"Ал күнү чөнтөгүмдө 500 сом бар болчу, бир литрдей арак ичкем. Базарда жүрүп аялымдын иштеген жерине барып "мени менен жашайсыңбы" деп сурагам. "Жок" дегенинен кетип калгам. Жакын жерде эле жүрсөм колуктум курбусу менен келип мени тээп, бетке чапкылап жиберген. Аялым мага кол көтөргөн эмес, бирок жаман сөздөрдү айтып тилдеген. Ызаланып бензин сатып келип, келинчегимди сыртынан камап, өрт коюп качып кеткем", — деген шектүү.

Колунда бычагы бар киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Уй кайтарган балдарга бычак менен кол салып... Майдагы соттук өкүмдөр
Кийин караколдук келин укук коргоо органдарына бетине бензин чачып өрттөгөн күйөөсүн кечиргендигин билдирген. Бирок тартип сакчылар оор кылмыштарга тосмо арыз кабыл алынбай турганын жана кылмыш иши караларын айткан.

Фемида өкүлдөрү тараптарды угуп, чогулган материалды карап чыгып, эркек кишини жети жыл алты айга эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0