БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Бишкекке жакын Новопавловка айылында үч автоунаа кагышкан.
Ал учур "Короче" деп аталган Telegram-каналга жүткөлдү. Кадрлар видеокаттагычка тартылып калган.
Кадрдан видеокаттагычы бар биринчи автокөлүк келе жатканда каршы тилкедеги автоунаа чыга калып, аны капталынан сүзгөнүн көрүүгө болот. Буйтаганга үлгүрбөй калган биринчи автоунаа сол четте токтоп турган үчүнчүсү менен кагышкан.
Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, алдын ала алынган маалыматтар боюнча, биринчи экөө Toyota Mark II жана Honda Odissey экени аныкталды, үчүнчү автоунаанын үлгүсү азырынча белгисиз болууда. Кырсык кечээ түшкө маал болгон.
Жабыркагандардын саны такталып жатат.