00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
08:05
47 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Будь в курсе
Цены на рынке недвижимости и риелторы: есть ли связь?
12:05
47 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
2026-жылы Салык кызматы санариптештирүүгө басым жайсат – ишкерлерди текшерүү токтойбу?
13:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
От проконсула до Homo sapiens: как появился человек- беседа о социуме
14:05
55 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
15:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Блины, песни и конные игры: как в Кыргызстане отмечают Масленицу
16:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Тагдыры татаал болсо да талыкпай эмгектенген Сонунбү Кадырова
17:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Регулировать рынок или конкуренцию: разбираемся в инициативе Минэкономики
18:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Кышында тоодо эс алуу маданияты калыптана элекпи — коопсуздук эрежелери, жаракаттар
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
Как правильно жаловаться государству и не тратить время впустую - разговор с юристом
20:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстанда эмне себептен микрофинансылык компаниялар жабылып жатат?
21:04
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Прокуратура: Акаев аткарылган иштин жыйынтыгын өзүнө энчилеп алуу ниетинде

© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив
Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башкы прокуратура Жанар Акаевдин  радио жыштыктарды калыбына келтирүүнүн мыйзамдуу иштерине эч кандай тиешеси жок деген билдирүү таратты.

БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев укук коргоо органдарынын коррупцияга каршы жасаган иштеринин жыйынтыгын өзүнө ыйгарып алууну көздөп жатат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты.

Мекеме эл өкүлүнүн берген маегине реакция кылган. Депутат 20-майда ЖКнын жалпы жыйынында "Скай Мобайл" жоопкерчилиги чектелген коомуна 200 мегагерц радио жыштыкты берген Мамлекеттик байланыш агенттигинин буйруктары жокко чыгарылып, мамлекетке беш миллион сом төлөй тургандыгын билдирген.

"Жанар Акаевдин мындай билдирүүлөрү чындыкка дал келбейт. Буга чейин кабарлангандай, Мамлекеттик байланыш агенттигинин, УКМКнын жогорку кызматтагы айрым адамдары жеке компания менен ич ара сүйлөшүп алып коррупцияга аралашкандыгы боюнча факты 2020-жылдын 7-апрелинде эле катталган", — деп жазылган мекеменин маалыматында.

Башкы прокуратура мыйзам бузууну жоюу сунушун 20-апрелде эле, башкача айтканда, депутат Жанар Акаевдин билдирүүсүнөн бир ай мурун киргизген. Жыйынтыгында радио жыштыктын технологиялык колдонушун өзгөртүү боюнча лицензияны кайра каттоого аракет кылынган мыйзамсыз буйруктар 24-апрелде жокко чыгарылган.

"Жанар Акаев жыштыкты мыйзамдуу кайтарып алуу, Мамлекеттик байланыш агенттигинин айрым мыйзамсыз чечимдерин жокко чыгарууга эч тиешеси жок. Ал укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыгын өзүнө энчилеп алгысы бар. Учурда тергөө мамлекетке келтирилген материалдык зыяндын көлөмүн эсептеп, аны казынага кайтарып алуу аракеттерин көрүп жатат. Депутат Акаевди өзүнүн билдирүүлөрүндө так сүйлөп, коомчулукка туура маалымат берүүгө чакырабыз", — деп жазылган маалыматта.

Түзөтүү колониясында туруктуу телефон. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыштык сатуу чыры: УКМК кызматкерлери баш болуп 5 киши кармалды
Буга чейин эл өкүлү Жанар Акаев парламентте азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин айтып, ага премьер-министрдин тиешеси бар экендигин билдирген.

Ал эми өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев билдирүү негизсиз деп жооп берген.

Эске сала кетсек, Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0