00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
44 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Как отличить инвестиции от пирамиды и не пожалеть
12:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Спорт тармагына быйыл канча акча болүндү — инфратүзүм, олимпиада, массалык спорт
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
Особый акцент
Зачем кыргызстанцам русский язык — беседа о социсследовании
14:06
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Инвестиции и технологии: чего ждут фермеры от большого агрофорума
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Иран менен мамиле курган өлкөлөргө Америка санкция салам деп опузалады. Бул экономикалык күчпү же саясий оюнбу?
17:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему бизнес опасается закона о «потолке прибыли»
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Илимдер академиясынын алгачкы институттарынын бири: Геологиялык институтунун мүмкүнчүлүктөрү кандай?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
«Хорека Клуб» о том, почему кафе больше не могут работать без 15% за обслуживание
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
ЕАЭБден жеңилдик: эми эт, кант жана какао бажы төлөмүсүз импорттолот
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жанар Акаев: өкмөт 5 млрд сомдук жыштыктарды 1700 сомго сатып жиберген

Жазылуу
Мамлекеттик органда иштеген кызматкерлер чоң чыгым болуп жатканы туурасында депутатка кайрылып, маселе көтөрүүнү суранган.

БИШКЕК, 20-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев парламентте билдирүү жасап, азыркы өкмөт мамлекеттик жыштыктарды сатуудан бюджетке 5 миллиард сом зыян келтиргенин билдирди.

Анын айтымында, жакында эле Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова, УКМКнын башкармалыгынын жетекчиси, дагы бир кызматкер кармалды. Өкмөттүн аппаратында иштегендер да сурак берип жатышат.

"Бул жерде аябай ири сумма тууралуу сөз болуп жатат. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ал ишке тиешеси жоктугун далилдеши керек, болбосо жооп берсин. Ala TV компаниясы жакында 200 мегагерц жыштыгы менен кошо Beeline уюлдук операторуна 1,8 миллион долларга сатылды. Анда телевидение үчүн гана жыштык бар. Ошол эле Beeline биздин Байланыш комитетине караштуу 200 мегагерц телевидениеге багытталган жыштыкты алып, лицензиясын 4G интернетине ылайыктап жасаган. Азыркы премьер-министрдин тушунда аталган 200 мегагерц жыштык 700 сомго сатылган. Муну карап көрүңүз, бекер кетип жатат", — деди Акаев.

2009-2010-жылдарда Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев - Sputnik Кыргызстан
Бакиевдердин VIP-шаарчасы кантип сатылган? 2,5 жыл иликтенген иштин чоо-жайы
Ошондой эле ал Темир Сариев премьер-министр болуп турганда 15 мегагерц жыштык аукцион аркылуу 25 миллион долларга сатылганын мисал келтирди.

"Менин колумда Байланыш агенттигинин өкмөткө жазган жашыруун каты турат. "Бул келишим мамлекеттик кызыкчылыкка каршы келет, миллиарддаган зыян тартабыз. Бул 200 мегагерцти сатуудан бюджеттин чоң кемтигин толтурсак болот. Мындай кадамга барбашыбыз керек" деп жазган. Ошого карабай аукцион, конкурс өткөрбөй, казакстандык компанияга берип жиберишкен. Ага чейин дагы бир наркы 900 миллион сом турган лицензияны бир уюлдук операторго 1000 сомго сатып жеберишкен. Муну мен эмес УКМК айтып жатат, мына колумда корутундусу турат", — деди эл өкүлү.

Депутат адистердин жана эксперттердин эсеби боюнча бул жыштыктарды сатуудан мамлекет 5 миллиард сом зыян тартканын белгиледи.

"Мамлекеттик кызматтарда мекенге күйгөн патриот жигит, кыздар бар экен. Өздөрү кызматта турса дагы мага ишенип материалдарды берип "биз айта албайбыз, сен айтып чыкпасаң болбойт" деп ыйлап жатышат. Бул иш премьер-министрдин уруксаты жок болбойт, ошондуктан күч түзүмдөрү карап чыгышы керек", — деп кайрылды Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Жээнчороев - Sputnik Кыргызстан
Депутат Абылгазиевге: докладыңызга Малайзия, Сингапурдун премьерлери суктанчудай
Соңунда депутат учурда өкмөт азыр көрүнгөн эл аралык ниституттардан акча сурап жатканын белгилеп, ушундай иштерге көңүл бурууга чакырды. Ал эми адилеттүү тергөө жасалышына көзөмөл кылууну депутаттарга да сунуштады.

Байланыш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы директору Наталья Черногубова уюлдук оператордун бири жана Маалыматтык технологиялар комитетинин кызматкерлери менен тымызын сүйлөшүү жүргүзгөн деген шек менен 12-майда кармалган. Башкы прокуратура ал мамлекетке зыян келтиргенин билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0