00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Главные темы Евразийского форума и саммита Высшего совета ЕАЭС: о выгодах и новых уровнях торговли
08:05
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Кыргызстанда дары өсүмдүктөрдү өстүрүүгө уруксат берилди — жаңы мыйзам кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Не выбрасывайте клеща после укуса - и другие советы врача, которые реально важны этим летом
10:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кыргызстандын мектептеринде балдар жана ата-энелер үчүн туура тамактануу боюнча иш-чаралар өткөрүлдү
11:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Новый порядок приёма иностранных студентов, что меняется
12:05
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Элди түйшүккө салган сел кырсыктары: кесепеттерди жоюу жана кенемте маселеси кандай болуп жатат?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кырдаал өзгөрүп кетиши мүмкүн! Жээнбеков Орозо айт майрамы менен куттуктады

Жазылуу
КР президенти бир адамдын кенебестиги жүздөгөн кишиге залакасын тийгизе турганын белгилеп, элдин ден соолугу, саламаттыгы үчүн тыным көрбөй аракеттенип жаткан медицина кызматкерлеринин эмгегин жогору баалады.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келген мекендештерим, сиздерге ыраазылык билдирем. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков жалпы кыргызстандыктарды Орозо айт майрамы менен куттуктап жатып айтты.

Өлкө башчы алгач орозонун касиетине токтолуп, быйыл рамазан айы коронавирус илдетинен сактануу шартына туура келгенин эске салды. Мында элдин ден соолугун, өмүрүн сактоо үчүн зарыл болгон медициналык талаптарды аткарып, катуу тартип сакталганына токтолду.

"Кырдаалды туура түшүнүп, эрежелерге чыдап, сактап келген мекендештерим, сиздерге ыраазылык билдирем. Элибиздин ден соолугу, саламаттыгы үчүн тыным көрбөй аракеттенип жаткан медицина кызматкерлеринин эмгегин жогору баалайбыз. Коомдук тартипти, коопсуздукту күнү-түнү камсыз кылган укук коргоо жана аскер кызматкерлеринин ишин өзгөчө баса белгилейм. Бул ишке ыктыярдуу катышкан бардык мекендештериме элибиздин атынан рахмат айтам. Чогуу кылган аракетибиздин акыбети кайтып, кырдаал көзөмөлдө кармалды. Ооруну жуктуруп алгандардын көпчүлүгү сакайып чыгууда", — деп айтылат куттуктоодо.

Жээнбеков азыр ишкерликке, күнүмдүк тиричиликке болгон чектөөлөр жумшарганын кошумчалап, карым-катнаш калыбына келе баштаганы менен кырдаал кайсы күнү болбосун өзгөрүп кетиши толук ыктымал экенин белгиледи.

Кишилер Бишкектеги Эски аянтта өткөн айт-намаз учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сырдашкыла. Карантин учурунда Орозо айтты белгилөөнүн жол-жобосу
"Ошондуктан, урматтуу калайык журтум, мындан ары да калк саламаттыгынын коопсуздугу үчүн илдеттен коргонуу чараларын күчөтүлгөн режимде улантышыбыз керек. Биримдик менен жеткен натыйжабызды текке кетирбей, оорунун мындан ары тарашына бөгөт коюу — негизги максатыбыз. Буга чейин мамлекеттик органдар тарабынан чектөөлөр киргизилип, көзөмөл катуу болду. Эми жеке ар бирибиздин жоопкерчилигибиз күчөдү. Ушуну баарыбыз толук түшүнүшүбүз зарыл. Бир адамдын кенебестиги жүздөгөн адамга залакасын тийгизет. Сиздерди коомдун саламаттыгына кайдыгер карабай, кырдаалга бийик жоопкерчилик менен мамиле кылууга чакырам. Медициналык талаптарды бузбай, жеке тартипти сактоону күнүмдүк адатка айлантууга тийишпиз", — деди президент.

Өлкө башчысы кыргызстандыктарга бекем ден соолук, бак-таалай, ийгилик каалап, орозо күндөгү максаттардын кабыл болушуна тилектеш экенин белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0