Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКөчөдө бараткан адамдар. Архив
Көчөдө бараткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктер жекшемби күнү өлкө боюнча аба ырайы жылуу болорун маалымдашты. Бул күнү түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жекшемби күнү, 24-майда, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +28...+33, Талас аймагында +26...+31, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +29...+34, Ысык-Көлдө +21...+26, ал эми Нарын жергесинде +22...+27 градуска чейин көтөрүлөт.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +29...+31, Ошто +32...+34 градус болуп ысыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0