00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
3 мин
Таберик
СССРдин Эл артисти Дарыйка Жалгасынова эскерүүлөр
17:07
23 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:30
4 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:35
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЖАМК кызматкерлеринин арасында коронавирус чыкканын кайра төгүндөдү

Жазылуу
Мекеменин билдиришинче, төрт кызматкердин бирине пневмония диагнозу коюлса, калгандары коронавируска шектелип дарыгерлердин көзөмөлүндө.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) төрт кызматкери коронавирус жуктурган деп Саламаттык сактоо министрлиги тараткан маалымат чындыкка туура келбейт. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге ылайык, 16-майда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда ЖАМКтын кызматкерлеринин ооруп жаткандыгы тууралуу айткан. Бүгүнкү сөзүндө ал ушул эле маалыматты кайталады.

"Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасында ЖАМКтын төрт кызматкери жатат. Алардын бирине пневмония диагнозу коюлса, калгандары коронавируска шектелип дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алар өздөрүн жаман сезип жатабыз деп даттанышкан жок. Азыр кызматкерлерде коронавирус аныкталды деп айтуу эрте, анткени жакында ПЦР-тестти кайрадан тапшырышат. Бүгүнкү күндө кызматкерлердин жана камактагылардын арасында коронавирус инфекциясы катталган жок", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле ЖАМКтын медицина кызматы COVID-19 илдетин алдын алуу жана эрте аныктоо максатында кызматкерлерди текшерип, экспресс-тест алып жаткандыгын белгиледи. Эгерде коронавирустун белгилери байкалса, дароо Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына барарын кошумчалашты.

ЖАМК буга чейин дагы абакта жаткандарда жана кызматкерлер арасында вирус аныкталганы тууралуу маалыматты төгүндөгөн болчу.

Коронавирустун кесепети

Бейтапты карап жаткан дарыгерлер - Sputnik Кыргызстан
Күч органдарында иштеген 65 кызматкер коронавирустан дарыланып жатат
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1138 болду. Анын ичинен 804ү айыгып, 14 киши каза тапкан.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0