Эмнелер гана жок. Бишкектиктер арыкка ыргыткан таштандынын видео жана сүрөтү

Жазылуу
"Тазалык” ишканасынын маалымат катчысы тургундарга кайрылып, бөбөктөргө балмуздактын кабыгын арыкка эмес, таштанды челекке ыргытууну үйрөтүүгө чакырды.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. "Тазалык" муниципалдык ишканасынын маалымат катчысы Жибек Каракеева өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына шаардын арыктарынан чыккан акыр-чикирдин видео жана сүрөттөрүн жарыялады.

Суу каптап кетпеши үчүн күн сайын арык менен жаан-чачын суусу агып кетчү түтүктөр тазаланып жатат.

Каракееванын айтымында, ал жактан чыккан таштандынын арасында желим бөтөлкө, целлофан, тамекинин калдыгы, балмуздак, шоколад сыяктуу тамак-аштын кабыктарына көп болот.

Ал шаар тургундарына кайрылып, бөбөктөргө балмуздактын кабыгын арыкка эмес, таштанды челекке ыргытууну үйрөтүүгө чакырды.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0