00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Визиты, союзы и Совбез ООН: глава МИД КР об итогах внешней политики 2025 года
08:04
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Венесуэла, Гренландия, Иран: дүйнөлүк геосаясаттын жаңы күн тартиби кандай өзгөрүүдө?
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
В 2025-м план перевыполнен — зампред РКФР о работе фонда за год
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Топуракты күзгү тоңдуруунун мааниси жана жазгы айдап себүүгө даярдык
11:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Башкы прокуратуранын юридикалык академиясында билим берүүнүн сапаты кандай?
13:05
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Караколдогу зоопарк реконструкцияга муктаж — зоопарк өзүн актайбы?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Баткен жана Согд облусунун өкүлдөрү жолугуп, убактылуу чечимге келди

© Фото / пресс-служба правительства / Алишер АлиевБаткен району. Архив
Баткен району. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек арадагы чырга себеп болгон талаш аймактар боюнча маселени коронавирус илдети боюнча абал турушканда Өкмөттөр аралык комиссия карай тургандыгы белгиленди.

ОШ, 10-май - Sputnik. Бүгүн, 10-май күнү, Баткен районунун Көк-Таш айылынын Төрт көчө участкасында Баткен жана Согду облустарынын өкүлдөрү жолукту. Алар Кыргызстан менен Тажикстандын тактала элек аймактарында курулуш иштерин жүргүзбөө, жер айдап эгин эгүү сыяктуу жумуштарды убактылуу токтотуп турууну макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Чолпон Бердикулова билдирди.

Тез жардам унаасы жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-тажик чегинде ок тийген аскерлер Бишкекке алып келинди. Азыркы абалдары
Маалыматка ылайык, чыр-чатактардын алдын алуу максатында уюштурулган жолугушууга өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов, Баткен районунун акими жана облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери катышкан.

Тажикстан тараптан Согду облусунун аткаруу бийлигинин төрагасынын биринчи орун басары Анвар Яъкуби, Исфара райадминистрация башчысы жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери келген.

Тараптар чек аралаш аймакта чыр-чатактын алдын алуу, пикир келишпестиктерге жол бербөө, эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча сүйлөшкөн.

Анда чек аралаш аймакта жашаган элдин коопсуздугун сактоо маселеси коюлган. Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу үчүн эл көп жашаган айылдарда милиция кызматкерлеринин жөө кайгуул күзөтүн күчөтүүнү макулдашкан.

Ал эми буга чейинки кол коюлган макулдашууларга ылайык, кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймактарында курулуш иштерин жүргүзбөө, жер айдап эгин эгүү сыяктуу жумуштарды убактылуу токтотуп туруу чечимине келишти.

Рабочая поездка вице-премьера Акрама Мадумарова в рамках в Баткенскую область - Sputnik Кыргызстан
Катарга кошуп бериңиздер! Чек ара башчысы ок жеген жоокерлерден кабар алды
2020-жылдын 8-майында болуп өткөн чыр-чатактын кесепети боюнча эки тараптын тийиштүү кызматтары биргеликте иштеп, келтирилген материалдык чыгымдарды тактоо боюнча сүйлөштү.

Чатактын чыгуусуна себеп болгон тактала элек аймактар боюнча эки өлкөнүн чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин Өкмөттөр аралык комиссиясы гана чече тургандыгы айтылды. Маселенин коронавирус илдети боюнча кырдаал турукташканда гана эки тараптуу жолугушууда карала тургандыгы белгиленди.

Баткендеги окуя

8-майда кечке жуук Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Посол Республики Таджикистан в КР Назирмада Ализода - Sputnik Кыргызстан
Тынчсыздантат! ТИМ Тажикстандын элчисине нааразычылык нотасын тапшырды
Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын чек ара аскерлери күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

Анын кесепетинен кыргызстандык үч чек арачы, бир жай тургун жаракат алган.

Окуя боюнча эки өлкөнүн ТИМ башчылары, вице-премьерлери, облустагы өкүлдөрү, Чек ара кызматынын өкүлдөрү сүйлөшүп, бир пикирге келишкен. Учурда дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Кырдаалга байланыштуу Кыргызстан тышкы иштер министри тажик тарапка нааразычылык нотасын тапшырган.

Жаңылыктар түрмөгү
0