https://sputnik.kg/20200508/ozgon-100-zhashtagy-ehnege-pasport-berildi-1048204625.html
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди
Sputnik Кыргызстан
Маллабекованын алты баласы, 28 небереси, 106 чөбөрөсү жана 61 кыбырасы бар. Ал 1920-жылы төрөлүп, өмүр бою Өзгөн шаарында жашаган. 08.05.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-05-08T15:51+0600
2020-05-08T15:51+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104820/55/1048205564_65:0:1022:541_1920x0_80_0_0_7a8922584198f7f4a84cc7c54b68eea3.jpg
ош
өзгөн
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104820/55/1048205564_113:0:974:541_1920x0_80_0_0_12c9e0edf2f5b66627ceb9a192eb70c8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, кыргызстан, ош, өзгөн, калкты тейлөө борбору
жаңылыктар, коом, кыргызстан, ош, өзгөн, калкты тейлөө борбору
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди
15:51 08.05.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Маллабекованын алты баласы, 28 небереси, 106 чөбөрөсү жана 61 кыбырасы бар. Ал 1920-жылы төрөлүп, өмүр бою Өзгөн шаарында жашаган.
БИШКЕК, 8-май – Sputnik. Ош облусуна караштуу Өзгөн шаарында жашаган 100 жаштагы Саламатхан Маллабековага биринчи ирет Кыргызстандын паспорту берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Маллабекованын алты баласы, 28 небереси, 106 чөбөрөсү жана 61 кыбырасы бар. Ал 1920-жылы төрөлүп, өмүр бою Өзгөн шаарында жашаган. Туулгандыгы жана никеси тууралуу күбөлүгү жок болгондуктан паспорт ала албай келген.
“Өзгөн шаарынын Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери өз каражатына бир катар документтерди калыбына келтирүүгө жардам беришкен. Натыйжада комиссия аялдын ким экенин тактап, Кыргызстандын 2017-жылы чыккан үлгүдөгү паспортун (eID-карта) беришкен. Документ эки күндө даяр болгон”, — деп айтылат маалыматта.
Калкты тейлөө борборунун кызматкерлери Маллабекованын үйүнө барып башкы жана эң маанилүү документти тапшырышкан. Ошондой эле белек-бечкектер менен азык-түлүк дагы берилген.