00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
“Жаш таңдай – 2026” айтышы. Жаштардын төкмөлүк өнөргө кызыгуусу кандай деңгээлде?
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Будь в курсе
RU ID для въезда в РФ: кому и зачем нужно регистрироваться?
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Батыштан Чыгышка. Дүйнөлүк инвесторлор үчүн Борбор Азия эмнеси менен кызык?
13:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Важен не диплом а портфолио - директор колледжа КРСУ о том как меняются правила игры
16:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кароосуз калган 150дөн ашык баланы багып чоңойткон эне
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Ледники Таласской области сократились на 44% — эксперт МЧС о реальных климатических рисках
18:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан ЕАЭБдин агрардык хабына айланууда: экспорт жана инвестициялар үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Мас айдоочуларга чаралар, терезелерди караңгылатуу жана такси лицензиясы: учурдагы талаптар
21:05
41 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айрым ишканалар жанданып, блокпосттор кыскартылат. Жаңы чечим

Жазылуу
Президент Жээнбеков ишин баштай турган ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагыларын баса белгиледи.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин жыйынында өзгөчө абалдын шартында кайсы тармактар иштеп, кайсы иш-чараларга тыюу салынарын айтты. 

"Маданий-массалык иш-чараларды, той-аштарды өткөрүүгө тыюу салуу күчүндө калат. Жогорку окуу жайлар, мектептер аралыктан окутууну улантышат. Өзгөчө абал киргизилген аймактарда кирип-чыгууга тыюу салынып, санитардык-карантиндик блокпосттор өзүнүн ишин улантат", — деди Жээнбеков.

Президент ишин баштай турган ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагыларын айтты.

"Ишин кайрадан баштай турган экономиканын объектилеринде санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту сактоо абдан маанилүү. Бул багытта жергиликтүү бийлик, Саламаттык сактоо министрлиги, Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекция менен өз ара тыгыз иш алып барышы зарыл. Ишканалардын жетекчилерине өзгөчө жоопкерчилик тагылат", — деди Жээнбеков.

Булар менен биргеликте экономикалык чөйрөнүн иши кайра жанданганына байланыштуу блокпосттордун саны кыскартыла турганы кошумчаланды.

Жыйында биринчи вице-премьер, Республикалык ыкчам штабдын жетекчисинин орун басары Кубатбек Боронов өзгөчө абал жана өзгөчө кырдаал шарттарында ишкерлик субъектилеринин ишмердүүлүгүн этап-этабы менен жандандыруу жөнүндө сунуш киргизди.

Выпускной в Омске - Sputnik Кыргызстан
Нарында дагы 10, 20 жылдык жолугушууларды өткөрүүгө тыюу салынды
Анда өзгөчө абалдын шартында экономикалык субъектилердин ишин жандандыруу планында объектилердин конкреттүү тизмеси, алардын кызматкерлеринин саны, иш убактысы жана кызматкерлерди жумуш орундарына жеткирүү ыкмасы так, даана көрсөтүлүшү керек.

Эске салсак, бүгүн, 28-апрелде, Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, анда Кыргызстандын үч району жана бир шаарында өзгөчө абал 1-майдан тарта токтотулду. Ал эми Бишкек, Жалал-Абад, Ош калаалары менен Ат-Башы районунда 10-майга чейин улануу туурасында чечим кабыл алынды.

Белгилей кетсек, алгач Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондорунда өзгөчө абал режими 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген. Бирок кырдаалга карап кайра 30-апрелге дейре узартылып, тизмеге Нарын шаары менен Ат-Башы району да кошулган болчу. Кечки 21.00дөн эртең мененки саат 6.00гө чейин коменданттык саат киргизилген.

Мыйзамга ылайык, президенттин жарлыгы депутаттарга сунушталып, ӨА режимин узартуу маселесине акыркы чечимди Жогорку Кеңеш чыгарат. Парламентарий Элвира Сурабалдиева бул маселе эртең, 30-апрелде, караларын билдирген.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0