Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

Жазылуу
27-апрелде республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Дүйшөмбүдө республика аймагында күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +27...+32, Талас жергесинде +25…+30, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +28...+33, Нарын, Ысык-Көл аймактарында +20…+25 градуска чейин көтөрүлөт.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында күн ачык болуп, Ошто +31…+33, борбор калаада +30...+32 градус ысык болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0