Жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 23-апр. — Sputnik. 24-апрелде өлкө аймагы боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге чейин жетет. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Абанын температурасы Чүйдө +25…+30, Талас жергесинде +24…+29, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында +26…+31, ал эми Ысык-Көл менен Нарында +19…+24 градус жылуу болору айтылды.

Борбор калаа Бишкекте күндүн табы +28…+30 градуска чейин көтөрүлсө, Ош шаарында абанын температурасы +29…+31 градуска дейре жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0