00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Мобилдик тиркеме менен көзөмөлдөнөт — Пробация департаментинин кардарлары өстүбү?
11:04
24 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкө боюнча 820 жергиликтүү кеңеш өкүлү окутулду — депутаттар эмнени үйрөнүштү?
11:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
5 мин
Максимальный репост
Страховка: что она даёт торговцам и можно ли получить кредит без залога
12:07
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кибер кылмыштуулукка каршы күрөшүү — кимдер алданууда?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Как события в Иране повлияли на Центральную Азию — беседа с экспертом
14:05
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Максимальный репост
Трудности перевода: почему кыргызским писателям не хватает переводчиков
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мээрим жана тажрыйба... чоң ата, чоң эне менен неберенин байланышы
17:04
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Монополия на медицинское образование в КГМА: как перестраивают систему подготовки врачей
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Кыргыз киносу жасалма интеллект менен жаңы доорду баштады
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Лицензия для такси: что изменилось и почему водители просят упростить правила
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөдө жаштардын жашоо абалы изилденди — кандай шартта жашап жатышат?
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Улуу өнөрдүн көчүн татыктуу улады. Элмирбек Иманалиевге жазылган некролог

Жазылуу
Некрологго өлкөнүн биринчи адамдары, Жогорку Кеңештин депутаттары, өкмөт мүчөлөрү жана маданият ишмерлери кол койгон.

БИШКЕК, 21-апр. – Sputnik. Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай төкмө акын, манасчы, обончу, дастанчы, актёр Иманалиев Элмирбек Калилович 42 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтып, кыргыз маданияты орду толгус чоң жоготууга учурады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы тараткан некрологдо айтылат.

Элмирбек Иманалиев 1978-жылы Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Ак-Жар орто мектебинен 7-классты аяктагандан кийин окуусун Бишкек шаарында улантып, Улуттук филармониянын алдындагы студияны бүтүргөн.

1994-1998-жылдар аралыгында Республикалык “Сейтек” балдар борборунда, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда, андан соң Чүй облустук Шаршен Термечиков атындагы драма театрында иштеген.

2000-2004-жылдары билимин улантып Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетин аяктаган. Төкмө акындардын мектебине айланган Республикалык “Айтыш” коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири жана аталган фонддо 5 жыл төрагалык кызмат аткарган.

Акын Элмирбек Иманалиев  - Sputnik Кыргызстан
Буулуккан булут болдум мен... Эрте кеткен Элмирбек акындын ичти эңшерген баяны
Элмирбек Иманалиев соңку мезгилдин залкарлары Эстебес, Тууганбай, Ашыралы сыяктуу жез таңдай акындардан таалим алып, улуттук өнөрдүн көчүн татыктуу улап, төкмөчүлүк өнөрдүн туу башында келди. Эл сүймөнчүгү, нукура акын Элмирбек Иманалиев таланты менен өлкөбүздө өткөн кадыр-барктуу конкурстарда, фестивалдарда бир нече жолу баш байгелерди жеңип алып, элибизге аттын кашкасындай таанылган. Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү белгилүү төкмөлөр менен айтышып, күч сынашып, башкы байгелерди жеңип, акындык өнөрдүн аброюн көтөргөн. 2003-жылы Казакстандын Астана калаасындагы төкмө акындар фестивалында башкы байгени утуп алып, казак бир туугандарыбыздын зор алкоосуна ээ болгон.

Элмирбек Иманалиев көп кырдуу талант, анын жараткан обондору жалпы элибиздин жан дүйнөсүнө айланып, кыргыз радиосунун алтын фондусуна жазылган. Ал манасчылык, дастанчылык өнөрдү туу тутуп, кыргыздын атактуу эпосторун, дастандарын жогорку чеберчилик менен аткарып келди.

Элмирбек Иманалиев Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында драматург С. Алтымышевдин “Токтогул” драмасында — башкы ролду ойноп, Токтогулдун жаркын образын жараткан.

Таланттуу акын, ак таңдай төкмө Элмирбек Иманалиев өмүрүнүн акыркы жылдары “Айтыш” коомдук фондунун устаты, “Төкмө келсе төр бошот” теледолбоорунун негиздөөчүсү, жаш акындардын өнөр устаты болуп келди.

Интервью с акыном Элмирбеком Иманалиевым - Sputnik Кыргызстан
Ооруканада болчу. Элмирбек Иманалиевдин эмнеден көз жумганы айтылды
Элмирбек Иманалиевге маданиятка кошкон зор салымы үчүн Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмери, Кыргыз Республикасынын эл артисти деген ардактуу наамы ыйгарылган.

Элмирбек Иманалиев чыгармачылыгынын гүлдөп турган мезгилинде дүйнө салды, анын артында мыкты чыгармалар, мукамдуу ырлар калды. Нукура талант, кыргыз элинин сыймыгы, улуттук өнөрдүн көрүнүктүү залкарларынын бири катары эл ырчысы Элмирбек Иманалиевдин жаркын элеси элибиздин жүрөгүндө түбөлүк жашайт.

Жакындарына, туугандарына, өнөр кесиптештерине терең кайгыруу менен көңүл айтып, азасын тең бөлүшөбүз!

С. Ш. Жээнбеков, Д. А. Жумабеков, М. Д. Абылгазиев, А. Ж. Исмаилова, Д. А. Эсеналиев, С. Шер-Нияз, К. К. Иманалиев, Н. Тотонов, А. С. Кодуранова, А. К. Жаманкулов, С. А. Раев, К. Б. Базарбаев, Б. Жакиев, З. Үсөнбаев, Т. Казаков, Н. С. Мирзахмедов, Т. Т. Жайылов, К. Садиев, Т. Р. Козукеев, Р. Аманова, А. Болгонбаев, М. Самыйкожо, А. Нуралиев, А. Кутманалиев, Ж. Жумакадыр, А. Туткучев, Ш. Абдырахман, С. Бейшекеев, Ф. Бекмамбетов, А. Маратов.

Жаңылыктар түрмөгү
0