00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Акчасын банкта сактагандарга кризис таасир тийгизеби? Улуттук банктын жообу

Жазылуу
Каражатты сактоо жолдорунун бири — бул депозиттер. Акыркы маалыматтар боюнча банктарда депозит түрүндө 110 миллиард сом бар.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Экономикалык абал начарлаганын жана банктар кредит төлөө мөөнөтүн узартканын эске ала турган болсок депозиттердин пайыздары төмөндөтүлбөйбү деген суроо туулат. Буга Улуттук банктан жооп беришти.

Белгилей кетсек, шашылыш депозит (салым) деген бар, мында каражат белгилүү бир мөөнөткө чейин салынат. Кардар келишимде көрсөтүлгөн убакытка чейин акчасын чыгара албайт.

Депозиттин экинчи түрүндө жаран банкка "акча керек болгонго чейин" деп белгилүү бир сумманы салат. Мында жаран каражатын каалаган убакта чыгарып кетүүгө укуктуу.

Шашылыш депозит боюнча пайыздык чен өзгөрбөйт

Улуттук банктын маалыматына караганда, "Улуттук банк, банктар жана банк ишмердүүлүгү" жөнүндөгү мыйзамга ылайык, банктар шашылыш салым боюнча пайыздык чендерди бир тараптуу өзгөртө албайт. Жарандык кодексте дагы банк пайыздарды өзү билип кыскарата албай турганы жазылган.

"Мында коммерциялык банктар шашылыш салымдар боюнча пайыздарды төмөндөтө албай турганын түшүнүүгө болот", — дешти башкы банктан.

Кайсы учурда пайыздар төмөндөшү мүмкүн?

"Акча керек болгонго чейин" деп ачылган депозиттердин пайыздары келишимде көрсөтүлгөндөй төлөнөт.

"Бирок муну менен катар банк пайыздын көлөмүн өзгөртүүгө укуктуу", — деп билдиришти Улуттук банктан.

Эгер банк пайыздарды төмөндөтүү чечимин кабыл алса, ал бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пайыздарды төлөө мөөнөтү жылдырылышы мүмкүнбү?

Улуттук банкка "банктар депозиттердин пайыздык төлөмдөрүн төлөө мөөнөтүн жылдыра алабы?" деген дагы суроо узатылган.

Акча алмаштыруу кызматкер доллар купюраларды санап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мигранттар 31 млн. долларга аз акча которду. Эки айдын жыйынтыгы
"Банк кызматын көрсөткөн тараптар банк эсептериндеги каражаттардын сакталышына жоопкер жана жаран талап кылган күнү акчасын бериши керек. Банктар депозит ээлерине мыйзамдарда көрсөтүлбөгөн чектөөлөрдү коюуга акысы жок", — деп айтылат башкы көзөмөл банктын жообунда.

Ошондой эле депозиттеги каражатты ээсине кайтаруу учурунда негизги сумма менен пайыздар толук төлөнүп берилиши керектиги кошумчаланды.

Кыргызстандагы депозиттердин көлөмү

Акыркы маалыматтар боюнча (февралдын аягында) шашылыш депозиттердин көлөмү 65,1 миллиард сомду, керек болгонго чейинки деген депозиттер 45,5 миллиард сомду түздү.

Мындан сырткары, юридикалык жана жеке жактардын эсебинде 42,7 миллиард сом бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0