Шейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. 14-апрель, шейшемби күнү, өлкөнүн көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир өрөөндөрдө жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, абанын температурасы Чүй, Талас жана Ысык-Көл өрөөндөрүндө +11…+16, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +12…+17, ал эми Нарын жергесинде +10…+15 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күндүн табы борбор калаада +14…+16 градуска чейин, Ош шаарында +15…+17 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0