Sputnik агенттиги окурманга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап келет.
Бул ирет бир жигиттин студенттик курагында канатына калкалап, камкордук көрсөткөн досунун ата-энесине ыраазы жигиттин окуясы баяндалат.
...Мен Ысык-Көлдөн болом. Жашоодо адамдарга майда-чүйдө жакшылык кылганым менен көңүлүмө толгудай, бирөөнүн жашоосун өзгөртүп жибергидей жакшылык кылганым эсимде жок. Бирок мага кол сунуп, жарыгын чачкандар көп эле болду. Алардын бири — убагында мени камкордугуна алган, мээримин аябаган шаардагы экинчи “ата-энем”.
2005-жылы мектепти аяктаганда Бишкекке келип, программист адистиги боюнча университетке тапшырдым.
Ошентип студенттик күндөр башталды, тайпалаштардын арасынан Темир экөөбүз ынак болуп кеттик. Бара-бара жакшы достордон болдук. Мен окуу жайдын жатаканасында турам. Темир өзү бишкектик. Анын ата-энесинин экөө тең билим берүү тармагында эмгектенип, атасы ЖОЖдордун биринде профессор экен.
Окуу башталганына жарым жыл өтүп-өтпөй, Темир менен үйүнө барып калдым. Бишкектин кичи райондорунун биринде үч бөлмөлүү батири бар экен. Үйүндөгүлөрүнүн жөнөкөйлүгү жакты. Алгач көрүшкөндө эле ата-энеси мени өз кишидей кабыл алганына таң калгам. Өзүм жаңы айылдан келсем, чоң кишидей кастарлап, ал-жайымды сурап жатышса...
Андан кийин байма-бай барып, сабак даярдап же кээде Темир экөөбүз бир жакка барып кеч болуп кеткенде жатып калып жүрдүм.
Досум жалгыз эркек бала. Бир тууган эжеси эле бар. Анын үстүнө эч кыйынчылык көрбөгөнгө турмушта баарын жеңил кабыл алган орус мүнөз.
Бирок атасы абдан кыраакы киши болчу. Менден ал-жайымды сураганда ата-энем, бир туугандарым жөнүндө айтып бергем. Көрсө, аяш атам да жетим өсүптүр. Өзү Оштон болот экен. Ал эми аяш апа Чүйдүн кызы.
Ошону менен Темирдикинде үч жыл жашадым. 5-курска барганда айылдан келген эки инимди көзөмөлдөп, батирге чыгууга туура келди.
Ал аралыкта мен алардын экинчи баласындай эле болуп калгам. Апам айылдан берип жиберген бир кап картошка, бир аз эт, алма-өрүк болбосо, үйүнө башка кирешем, пайдам жок эле. Бирок аяш атам баласына кандай акыл айтса мага да ошону айтып, аяш апам баласына кандай кам көрсө мени да ошондой кастарлады. Алардын жакшылыгы апамдын түйшүгүн жеңилдетип, мага бир топ стимул болду. Анткени шаар жеринде жашаган жериң, тамак-ашың бекер болсо, студент үчүн чоң жардам да. Анысы аз келгенсип, кийинки жайкы эс алуу маалында жайы менен алардыкына жатып, Темир экөөбүз иштеп, окуубуздун контрагын төккөнгө жарадык.
Жайында апам да досумдун үй-бүлөсүн атайын Көлгө чакырып, бир жума коноктоп ыраазычылыгын билдирип, жакындан таанышты. Ошондон кийин эки үй-бүлө кадимкидей катышканга өттү.
Айылга барганда Темир да биздин бир тууганыбыздай болуп ага-инилерим менен аралашып кетти. Кийин биздин тойлорубузда да чогуу болдук. Азыр да досум менен катташып, үй-бүлөмдү алып барып турам. Аяш атам экөөбүздүн ортобузда кандайдыр бир түшүнүүчүлүк бар. Кээде атайын чакырып мени менен сырдашат. Темирдин кемчиликтери болсо айтып, даттанып калат. Андайда мен Темирге атасынын айтканын билгизбей, бирок кырдаалды түздөгөнгө аракет кылам.
Досум дагы деле ошондой, ичинде кири жок, көп нерсеге жулуна бербеген адам бойдон калды. Азыр төрт баланын атасы.
Шаарда эне ордуна эне, ата ордуна ата болгон адамдардын жакшылыгы көкүрөк-көөдөнүмдө. Айылдын бир кара баласы дебей, жашоодо көп нерсеге көзүмдү ачып, түрткү, ишеним берген аяш атам менен аяш энеме рахмат дегим келди!
Жарыгыбызды чача жүрөлү!