ОПЕК+ катышуучулары 10 сааттык сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мунай казууну май-июнь айында суткасына жалпы 10 миллион баррелге азайтуу боюнча макулдашты, бирок келишимдин күчүнө кириши үчүн Мексиканын макулдугу зарыл.
"Бул баскычта өндүрүштүк милдеттенмелер ОПЕК өлкөлөрү үчүн суткасына 6,085 миллион баррелди жана ОПЕКке кирбеген мамлекеттерге суткасына 3,915 миллион баррелди түздү", – деп билдирген Азербайжан Энергетика министрлигиндеги булак РИА Новости агенттигине.
Аталган маалымат агенттигинин маалыматына таянсак, ОПЕК+ катышуучулары мурда кен казууну кыскартуунун базалык деңгээлдеги эсеби боюнча макулдаша алышкан эмес. Мексика бийлиги башынан эле мунай казууну суткасына 400 миң баррелге кыскартуу келишими боюнча үч баскычтуу квотага макул болбой, болгону 100 миң баррелге азайтууну сунуштаган.
Расмий Мехико жакынкы эки айда суткасына дал ушунча көлөмгө сырьелук өндүрүштү кыскартууга даяр. ОПЕК+ өлкөлөрүнүн тийиштүү министрлери бул маселе боюнча сүйлөшүүлөрдү жума күнү да улантат.
Sputnik обосунда РФ өкмөтүнүн алдындагы Каржы университетинин серепчиси, Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун башкы аналитиги Игорь Юшков ОПЕК+ жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча талдады.
“Эски форматтагы ОПЕК+ келишиминин негизги оюнчулары бир пикирге келишкени жана жарыяланган параметрлерине катышуучулардын көбү макул болгонуна карабай, ага каршы чыккан Мексика да бар. Тегиз баары бир пикирге келбесе, келишим аткарылбайт. Өндүрүштүн көлөмүн кыскартуу жөнүндөгү келишим ортого жалпы макулдашуудан чыкты. Эгер мүчөлөрдүн бири катышуудан баш тартса, калгандары: “Кимдир бирөө аткарбай, биздин аракеттерибиздин жемишин пайдалана турган болсо, биз эмнеге кыскартышыбыз керек?” деп суроо салышы ыктымал. Ушундай эле собол келишимге кол койбогон башка өлкөлөргө да тиешелүү. Эң оболу, алар – АКШ, Улуу Британия", – дейт Игорь Юшков.
Адис кен казууну ОПЕК+ өлкөлөрү мунай баасын колдоп туруу үчүн кыскартууга макулдашышканынан улам мурда АКШ өндүрүш көлөмүн көбөйтүп келгенин эске салды. Вашингтон азыр өз мунайынын көлөмүн чектеп-чектебей турганы белгисиз деп эсептейт эксперт.
Анын божомолунда тараптардын баары макулдаша алса да, баа кайсы бир мезгилге чейин жогорулабайт.
"Мунай сактагычтарды толтуруу сценарийлеринин тобокелдиктери дале бар, анткени келишим 1-майдан тарта иштей баштайт. Апрель айына карата дүйнө жүзү боюнча мунай сактагычтардын басымдуу үлүшү толтурулат жана бул рынокко кысым кылат. Баа июнь-июлдан кийин мурдагы калыбына келет, ал эми азыр баррелине 35 доллардан өйдө көтөрүлбөйт", – деп эсептейт Улуттук энергетикалык коопсуздук фондунун башкы аналитиги.
ОПЕК+ өлкөлөрү 6-мартта мунай казууну кыскартуу жөнүндөгү келишимдин параметрлерин өзгөртүү боюнча да, келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө да бир пикирге келе алышкан эмес. Натыйжада 1-апрелден тарта мурдагы альянстын курамындагы өлкөлөрдө мунай өндүрүүдө чектөөлөр жоюлган. Бул менен катар коронавирус пандемиясы да мунай рыногундагы кырдаалды курчутту.