БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктурган дагы эки адам көз жумду. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабыржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, эки бейтап кечээ, 5-апрелде, каза болгон.
"Көз жумган бейтаптар ооруканада коронавирустан дарыланып жатышкан. Абалдары буга чейин оор болчу", — деди министр.
Ал эми Республикалык штаб көз жумган бейтаптар Оштон экенин айтты.