Sputnik Кыргызстан агенттиги окурмандарга жылуулук чачкан, жакшылык кылууга чакырган макалаларды жарыялап турат. Бүгүнкү "Ак жарыкты" жазуу шыбагасы Эльвира Какиевага буюрду.
Учурда Кыргызстанды гана эмес, бүт ааламды каптаган вирус тууралуу маалыматтарды окуй берип, эл менен бирге мен да чарчадым окшойт. Каякка караба, каякка барба, баарынын эле сүйлөгөнү, кеп кылганы вирус. Ээн көчөлөр, базарлардын жабылышы, азык-түлүктүн кымбатташы, кээ бир азык-түлүктүн дүкөн текчелеринде калбай калышы, жардам сураган карапайым элдин кайрылуулары, аларга бардык чын дили менен жардам берген, кол сунган азаматтар менин тээ бала кезимди эске салды.
90-жылдары союз тарап, баары талкаланган учур. Апамдын айтуусу боюнча, мугалимдердин айлыгы берилбей, өп-чап жашоо, ал аз келгенсип атамдын ичкиликке берилип кеткени, үйдөгү чыр-чатак, апама тынч жашоо бербегени, айтор, баары биригип ушул жолду тандаганга түрткү болуптур. Апам ошол учурда болгону 38 жашта экен. Азыркы менин курагым…
Ошентип баарыбыз жашообуздун жаңы барагын баштадык. Биз кичинекей, бардык түйшүк апам менен эжемдин мойнунда. Эжем ал убакта окуусун жаңы бүтүп кол арага жарап калган учур.
Бишкекке келгени апам таңкы төрттө кетип кечки тогузда келип, базарда соода-сатык менен алек болду. Эс алуу эмне экенин билчү эмес. Улуу эжем болсо күнү-түнү иштейт, айлыгынын бир тыйынын коротпой апама алып келип берет. Көп өтпөй шаардан үйлүү болдук. Буга апамдын бир туугандары да жардам беришти. Ошол күндөрдү эстеп отуруп, апамдын бир туугандарына — таеже, таякелериме абдан ыраазы болуп кетем. Анткени алар биздин тамак-ашыбыздан сырткары бардык кышкы-жайкы кийим-кечебизден бери алып беришчү. Алар бизден мунуң барбы же тигини алып берейинби деп да сурашчу эмес, жөн гана бири бирөөбүздү кийинтсе, экинчи таежем барып башкасын алып келип берчү. Бир таежем үйүндөгү китеп текчесиндеги китептерден бери алып келип берип, окугула, билим алгыла деп мектептеги сабагыбызды да көзөмөлдөп турчу. Баарыбыздын мектепти жакшы окуп, жогорку билим алганыбызга, жашоодон ар бирибиз өз ордубузду тапканга апамдын, эжемдин, апамдын бир туугандарынын салымы чексиз. Айрыкча апамдын кайраты, ошол убакта башынан канча оор нерселер өтсө да кыйынчылыктарга моюн сунуп бербегени, мээнеткечтиги, мээрими баарыбызды сактап калды. Эгер ошол убакта апам чыгынып Бишкекке келбесе, же тай жагым колдоо көрсөтпөсө (азыркы жашоодо тууган тууганды карабай койгон учур көп эле болуп атат го), эжем азыркы жаштардай өзүмчүл болуп тарбия алып калса калган алтообуздун жашообуз кандай болмок деп ойлоно берем.
Биз кичине кезибизде таеже, таякелеримдин, эжемдин, апамдын бардык кылган нерселерине, берген тарбиясына ыраазычылык деле билдирбесек керек. Азыр ойлоп отуруп ар биринин колдоосуна, берген акыл-насааттарына, мээримине, кичинекей кезибиздеги ар бир күлкүбүзгө, сүйүнүч-кубанычтарыбызга рахмат айткым келет. Ушул күндү көрүп, бактылуу балалык тартуулагандарыңыз үчүн ыраазымын!