БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Нарын шаарынын борборунда "Лимонти" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулайманов бычакталып өлтүрүлдү. Бул тууралуу укук коргоо органдарындагы ишенимдүү булак билдирди.
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналуНарын шаарынын борборунда "Лимонти" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулайманов бычакталып өлтүрүлдү
Нарын шаарынын борборунда "Лимонти" каймана аты менен таанымал кримтөбөл Алмаз Сулайманов бычакталып өлтүрүлдү
© © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
Анын айтымында, окуя бүгүн, 28-мартта, саат 13.00дөр чамасында болгон. Бардыгы жол кырсыгынан келип чыккан.
"Сулаймановдын унаасын кылмышка шектүү бала алдынан келип сүзгөн. Ага ачууланып, сөгүп-саккан Лимонти бычак алып чыгып, тигини колго сайган. Ал бала бычагын жулуп алып, өзүн бир нече ирет сайып жиберген. Натыйжада Сулайманов ооруканага жетпей эле каза тапкан", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ишенимдүү булак шектүү милицияга маркумдун сөөгүн өзү алып барып, колго түшкөнүн кошумчалады.
Окуя боюнча ИИМдин маалымат кызматы кийинчерээк комментарий берүүнү убадалады.