Балдарды коронавирустан кантип коргоо керек? Ата-энелер үчүн кеңеш

© Sputnik / Михаил Голенков / Медиабанкка өтүүКиши балдары менен медициналык бет капчан аэропортто отуруп жатат. Архив
Киши балдары менен медициналык бет капчан аэропортто отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйнөгө тарап жаткан коронавирусту алдын алуу жолдору тууралуу ар бир адам билиши керек. Ал эми ата-энелер балдарын бул вирустан кантип коргоп калууну ойлобой кое албайт.

Коронавирус балдарга жукпайт деген чынбы, андан баланы кантип коргоп, сактаса болот? РИА Новости ушул суроолорго жооп издеп көргөн.

Коронавирус инфекциясы балдарга аз жугат деген чынбы?

Кытайдын коронавирусту көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору башында "COVID-19 коронавирусу балдар жана өспүрүмдөргө көп жукпайт" деп маалымдаган. Адистер 11-февралга чейин вирус жуктуруп алган 70 миң кишини анализдеп чыгышкан. Анда жаңы туулган кезден тарта 10 жашка чейинки жана 10 жаштан 19 жашка чейинкилер арасында жуктуруп алгандар бир пайыздан гана экени белгилүү эле.

Сезонный рост заболеваемости гриппом и ОРВИ в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кийимди алмаштыр, бетти кармалаба. Коронавирустан сактануу жолдору
Бирок медицина илимдеринин доктору Александр Лукашевдин пикиринде, мындай көрүнүш тыкыр иликтөөнү талап кылат.

"Вирус балдарга анча коркунучтуу эмес экени байкалууда. Бирок бул боюнча азырынча маалымат аз", — деген адис.

Кийинчерээк окумуштуулар "балдар COVID-19 вирусун билинбей алып жүрүшү мүмкүн" деген пикирин айтышкан. Pediatrics журналы белгилегендей, балдардын көбү коронавирусту жеңил көтөргөнү менен алты пайызга чукулу анын оор формасы менен ооруйт. Беш жашка чейинки иммунитети төмөн жана өпкөсүндө кандайдыр бир көйгөйү бар бөбөктөр тобокелдик тобунда.

Ата-энелерге кеңеш

Медицина илимдеринин доктору Стивен Л. Зейхнер балдарда коронавирустун белгилери көп байкалбагандыктан, аларды көпчүлүккө кошпой, гигиенаны жакшылап сакташы керектигин айткан.

"Саламаттык сактоо министрлиги сунуштаган эрежелерди жасоо керек. Антпесе балада вирус билинбей жүрө берип, ал чоң ата, чоң энесине жана өнөкөт оорусу барларга жугуп калышы ыктымал", — деген адис.

Балага коронавирусту жуктуруп албаш үчүн эмнелерди билүү керек?

  • Башка балдар менен ойноого тыюу салып, туугандар менен жолугууну токтото туруу кажет. Эч кимди конокко чакырбай, ата-энелер да мейманга барбай турушу зарыл. Көпчүлүктөн оолак кармоо керек;
  • Балдарды достору менен ойноп келүүгө чыгарбаш керек. Балдар аянтчасына жалгыз да ойнобой эле кое турсун. Анткени вирус буюм-тайымдардын үстүндө 48 саатка чейин жашашы ыктымал. Андан көрө велосипед тептирип алаксыткан оң;
  • Балага колду бир нече жолу таза жууганды үйрөтүү зарыл. Ошондой эле колду жууганга чейин бетин, көзүн кармабашы керек;
  • Балдардын кийимин жана оюнчуктарын тез-тезден жууп туруу шарт;
  • Эч кимден баланы убактылуу карап турууну суранбаш керек.

Эгер бала ооруп калса, ооруканага алып барбай эле дарыгердин консультациясы менен үйдөн караган оң. Коронавирустун белгилери жок болсо, тест баары бир жасалбайт. Ооруканага барганда вирусту жуктуруп алуу коркунучу жогору.

Жаңылыктар түрмөгү
0