Коронавирус кимдерге коркунуч жаратпайт. Окумуштуулардын пикири

© Sputnik / Мигель Кандела / Медиабанкка өтүүМедициналык медицина кийген кыз. Архив
Медициналык медицина кийген кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистер 11-февралга чейин вирус жуктуруп алган 70 миң кишини анализдеп чыгышкан. Анда жаңы туулган кезден тарта 10 жашка чейинки жана 10 жаштан 19 жашка чейинкилер арасында жуктуруп алгандар бир пайыздан гана экени белгилүү болгон.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. COVID-19 коронавирусу балдар жана өспүрүмдөргө көп жукпайт. Бул тууралуу Кытайдын коронавирусту көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун маалыматына таянып "Известия" басылмасы жазды.

Адистер 11-февралга чейин вирус жуктуруп алган 70 миң кишини анализдеп чыгышкан. Анда жаңы туулган кезден тарта 10 жашка чейинки жана 10 жаштан 19 жашка чейинкилер арасында жуктуруп алгандар бир пайыздан гана экени белгилүү болгон.

Медицина илимдеринин доктору Александр Лукашевдин пикиринде, мындай көрүнүш тыкыр иликтөөнү талап кылат.

"Вирус балдарга анча коркунучтуу эмес экени байкалууда. Бирок бул боюнча азырынча маалымат аз", — деди адис.

Ал эми Нижегородск мамлекеттик университетинин Биология жана биомедицина институтунун директору Мария Ведунова коронавирус чындап эле балдардан оолак экенин айтты.

Шаардык супермаркеттин бириндеги азык-түлүк менен араба. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: Кыргызстан запастагы азык-түлүгүнө саресеп салат
"Адамдын иммундук системасы жаш өткөн сайын алсырайт. Анын үстүнө башка өнөкөт оорулар вирус жукканда бат өрчүп, кесепети оор болот. Бул жагынан организмдин жаштыгы роль ойнобой койбойт", — деди Ведунова.

Коронавирус тууралуу

Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Акыркы маалыматтарга караганда, вирусту дүйнө жүзү боюнча 93 160 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 3 198 киши каза таап, 50 690 киши сакайып кетти.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0