Бейшембиге карата аба ырайы

Жазылуу
26-мартта түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондордо кар жаайт.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. 26-март, бейшемби күнү, күндүз Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, өлкөнүн тоолуу райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +7…+12, Талас жергесинде +6...+11, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14...+19, Ысык-Көл жана Нарын аймактарында +5…+10 градус жылуу болору айтылды.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбор калаада +7...+9 градуска жетсе, Ошто мезгил-мезгили менен жаан жаап, абанын температурасы +14...+16 градуска чейин жогорулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0