00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:05
55 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Антикоррупция как навык: в Кыргызстане начали готовить новое поколение чиновников
08:04
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Өлкө аймагында табигый кооптуу деп эсептелген 11388 тилке бар. Табият кырсыктарын алдын алуу тууралуу маек
09:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Личный интерес
Акция «Сады памяти» в Бишкеке превращает деревья в живые символы истории
10:04
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуттук баалуулуктарды сактоонун жолу. Бишкекте Салттуу музыка жумалыгы өтүүдө
11:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Кыргызстанда экологиялык мониторинг жаңы деңгээлге чыкты — Жаратылыш министрлигинин лабораториялары жаңы стандарттар менен иштейт
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
15:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Санариптик активдердин жанданышы менен Кыргызстанда брокерлике талап күчөйбү?
17:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
«Максатыбыз эненин ыйык экенин көрсөтүү эле». «Куса» моно спектакли тууралуу маек
19:06
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Салык декларациясы: ким милдеттүү, ким ыктыярдуу жана эмне өзгөрдү?
21:04
39 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Президент Жээнбеков Ноорузга карата элге кайрылуу жасады

Жазылуу
Мамлекет башчы ата-бабалардын жолун улап, сыноодон улуттук ар-намысты, атуулдук абийирди бийик кармап өтүү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 20-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 21-март — Нооруз майрамына карата элге кайрылуу жасады.

Президенттин кебин толугу менен сунуштайбыз:

Урматтуу мекендештерим!

Баарыңыздарды Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктайм! Элибиз тарыхтын татаал сыноолорунан өткөрүп, кылымдар бою сактап келген Нооруздун мааниси чоң. Энелерибиз бул күнү айлананы арча менен аласташып, "ар балээден сакта" деп тилек кылышкан, жаратылыш менен кошо жан дүйнөнү тазалоо жөрөлгөсүн жасашкан.

Президент Сооронбай Жээнбеков принял председателя НБКР Толкунбека Абдыгулова - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: банктар кардарларына түшүнүү менен карап жардам бериши керек
Нооруздун символу — өнгөн буудай. Ата-бабаларыбыз "ырыскыбыз чогуу болсун, теӊ бөлүшөлү" деп бири-бирине сүмөлөк тартуулашкан.

Быйылкы Нооруз — дүйнө коомчулугу менен бирге, биздин өлкөбүз үчүн да чоң сыноо менен коштолду. Ушундай сыноодо кеменгер элибиз бийик улуттук намысын, терең адамдык ариетин далилдеп, илдет катталган алгачкы күндөрү эле биримдигин, сабырдуулугун, мекенчилдигин көрсөттү. Эми эпидемиологиялык кырдаалдын начарлоосуна, сырттан келген жарандардын тесттерди жана анализдерди берүүдөн четтеп кетүүсүнө жол бербөө абзел.

Баарыбыздан тең санитардык эрежелерди катуу кармоо, карантиндин талаптарын кынтыксыз аткаруу, ар кандай чогулуштарды токтотуу, жолугушууларды мүмкүн болушунча кыскартуу талап кылынат.

Балдарыбыздын, замандаштарыбыздын жана өзүбүздүн ден соолугубузга баарыбыз жоопкер экенибизди унутпайлы.

Коронавирус илдетине кошумча болуп, дүйнөлүк экономикадагы кыйынчылыктардын кесепети бизге да жетти. Бюджеттин чыгымдарын кыскартуу, экономия режимин кармоо, бардык багытта тең сарамжалдыкты сактоо зарылдыгы жаралды. Бардык мекендештерибиз учурга туура түшүнүү менен мамиле кылат деп ишенем. Ар бирибиздин жарандык жоопкерчиликти бекем карманганыбыз — учурдагы сыноодон ийгиликтүү өтүүнүн негизги фактору.

Урматтуу мекендештерим!

Үйдөн чыкпай, жолугушууларды кыскарталы! Жээнбековдун элге кайрылган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Үйдөн чыкпай, жолугушууларды кыскарталы! Жээнбековдун элге кайрылган видеосу
Нооруз күнү ар бир мекендешиме, бардык үй-бүлөгө ден соолук, бак-таалай жана ийгиликтерди каалайм. Элибиз айдан аман, жылдан эсен чыксын деп жараткандан тилейм. Аруу тилектерибиз, таза ниеттерибиз орундалып, жергебизге кут конуп, жакшылыктар мол болсун!

Өлкөбүз өнүгүп, баарыбыздын алдыга койгон ой-максаттарыбыз ишке ашсын! Өлкөбүздүн келечегин, элдин тагдырын баарынан жогору коюп, коопсуздукту көзүбүздүн карегиндей сактоого чакырам! Ата-бабаларыбыздын жолун улап, бул сыноодон улуттук ар-намысыбызды, атуулдук абийирибизди бийик кармап өтөлү! Кудайым өзү колдоп, элибизде ар дайым ынтымак, мекенибизде дайыма тынчтык болсун!

Жаңылыктар түрмөгү
0