Балдарымды нукура кыргыз рухунда тарбиялайм. Гүлзада Рыскулова менен маек

© Фото / Аман ТемирбековПевица Гулзада Рыскулова
Певица Гулзада Рыскулова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эли улуттук баалуулуктары, көрөңгөсү менен уникалдуу, дал ушул нерсе менен Батышты таң калтыра алабыз деп эсептейт ырчы Гүлзада Рыскулова.

Бул айымдын аткаруусундагы заманбап образдагы санат-насыят ырлары кайып дүйнө менен жуурулушуп, байланышып угарманга жетет. Сахнада өзгөчө стили менен таанылган ырчы, аткаруучу Гүлзада Рыскулова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп кетти.

— Европада уюштурулган иш-чараларга катышып, концерт коюп жүрөсүз. Күйөрмандарыңыз да бар экен. Европага багыт алышыңызга эмне себеп болду?

— Былтыр эле Женева шаарында уюштурулган чоң иш-чарага катышып келдим. Ага Бириккен Улуттар Уюмуна кирген жүздөн ашык мамлекеттен келген өкүлдөр катышты. Кыргызстандык делегация менен барып, кыргыз ырларын, өзүмдүн автордук чыгармаларымды аткарып келдим. Европада күйөрман топтоп, таанылып калдым деп айтуудан алысмын. Бирок европалыктарга биздин улуттук музыкабыз, кийимдерибиз абдан кызык экенин байкайм. Элечегибизди суктануу менен карашат. "Сиздин жаныңызда биз такыр эле кийими жок көрүнөт экенбиз", — деп күлгөндөрү эсимде. Барганда дайыма жакшы сезимдер, колдоолор менен кайтып келебиз. Анткени биз көп эл жоготуп алган уюткубузду, көрөңгөбүздү кандайдыр бир деңгээлде сактап, аны башкаларга көрсөтө алганыбыз менен айырмаланабыз. Таң калтыра алабыз. 

© Sputnik / Табылды КадырбековСахнада өзгөчө стили менен таанылган ырчы, аткаруучу Гүлзада Рыскулова
Балдарымды нукура кыргыз рухунда тарбиялайм. Гүлзада Рыскулова менен маек - Sputnik Кыргызстан
Сахнада өзгөчө стили менен таанылган ырчы, аткаруучу Гүлзада Рыскулова

— Азыр сахнадан көп көрүнбөй калышыңызга да ушул нерсе себеппи?

— Учурда мен эл алдына көп чыкпай калдым. Чыгармачыл адам болгондон кийин өзүң менен өзүң толгонуп, алпурушкан бир учур болот экен. Бирок бул ырчылыктан алыстап кеттим дегенге жатпайт. Болгону азыр дал ушундай мезгил болуп жатат. Мен жан дүйнөмө да карап иш кылган адаммын.

— Чет элдик аудитория менен кыргыз аудиториясынын айырмачылыгы эмнеде?

— Чет элдиктерге ыр жакса, жаныңа келип, ошол ырдын маани-мазмунун сурап, ырды талкуулашат. Анан кийимдериң жакса кармалап көрүшөт. Кыргыз айымдарынын улуттук жасалгаларынын баары күмүштөн, зер буюмдардан, кийимдери оймо-чийме менен жасалат эмеспи. Алар биздин улуттук баалуулуктарга кызыгат. Маалымат алууга шашылып, тарыхын, кайсы кылымга таандык экенине чейин сурашат. Мамилеге ачык келишет. Ал эми биздин кыргыз эли өнөр баалаган эл, салабаттуу, эмоционалдуу эмеспиз. Ошол жагынан айырмаланат.

— Стилиңиз, үнүңүз өзгөчөлөнүп, кыргыз дүйнөсүнө жакындыгыңыз байкалып турат. Ушул нерседен дем-күч, эргүү алып тургандайсыз?

Ырчы Гулнара Кахарова - Sputnik Кыргызстан
Баарын ичине катып, сабыр кылган аял гана улуу сыйга татыктуу. Кахарованын маеги
— Кыргыз дүйнөсүнө абдан жакынмын. Бабалардын жаратмандык менен биздин жашоо образыбызды түзүп бергенине абдан таң калам. Биздин боз үйүбүз, кийимдерибиз эмне деген философияны, акылмандуулукту камтыйт. Андан тышкары, алардын басып өткөн жолу мени шыктандырат. Даткалардын, баатырлардын, кеменгер олуялардын айткан кептери дух берет. Мен чындыгында чыгармачылык эргүүнү ошол жактан алам. Балдарымды да нукура кыргыз духунда тарбиялоого аракет кылам. Кез-кези менен манас айтып берип, уктап жатканда түшүнбөсө да санат-насыят ырларды ырдап берем. Анткени бул сөздөрдүн өзүнчө күчү, касиети бар экенин түшүнөм, билем. Бабалардын жашоосун заманбап мезгилде толук жашай албасам да, жок дегенде алардын акыл-кептерин пайдаланып, андан эргүү алып жашагым келет.

— Кайып дүйнө чыгармачылыгыңызга аралашабы?

— "Манас" эпосунда Айкөл Манасты сыпаттаган жерин кайып дүйнө менен кадимкидей чагылдырып беришет. Заманбап тил менен айтканда тотемдери сыпатталган. Кайып дүйнө бизде эле эмес, башка улуттарда да бар. Улуу адамдардын, элдин тотемдери сырдуу дүйнө менен баяндалат экен. Ошондой чыгармаларды аткарып жаткандан кийин сөзсүз түрдө кайып дүйнөгө аралашууга туура келет.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Гулзада Рыскулова (@gulzada.ryskulova.official)

— Сахнага салыштырмалуу кеч чыктыңыз, бирок тез эле эл оозуна алынып кеттиңиз. Сыры эмнеде болду деп ойлойсуз?

Ырчы Назгүл Токтакунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ырчы Токтакунова: намысыма тийген жигит "эжелеп" кечирим сураганда жайына койдум
— Эл оозуна тез эле алынып кеткенимдин эч кандай деле сыры жок. Болгону актуалдуу ойлорду алып чыктым десем болот. Жаңылык киргизип, жаңы нерсе алып келдим деп айта албайм. Элибиздин жоголуп бара жаткан баалуулуктарын заманбап стилде ырдап чыктым. Ошол учурда эң алгачкылардан болуп чачымды майда өрүп, чачпак тагып, ак жоолук салынып, жөнөкөй нукура көйнөктөрүбүздү кийип сахнага чыкканымды эл өзгөчө кабыл алды. Эл деген баары бир өзүнүн түпкү көрөңгөсүнө, тамырына кайтат. Ар бир элдин канында улуттук көрөңгөсү жашай берет. 

— Ага чейин эмне менен алектенчү элеңиз?

— Чыгармачылыкка чейин абдан көп издендим. Жан дүйнөмдө төңкөрүш болгон учурлардын доорун өткөрдүм. Ошол убактарда даанышман адамдардын ички дүйнөмө азык болчу кыргыз жыттанган кеңештерин угуп, кайып дүйнө менен тааныштым. Бул абалымды "стресс, депрессия" деп ойлогом. Бирок азыр баамдасам, ал кез өзүмдү таанууга, изденүүгө болгон аракетим экен. Ырчылыкка чейин эл катары мигрант да болуп иштегем. Бөтөн эл, бөтөн жерде жүрүү, иштөө кандай экенин билем. Эл-жерди сагынып, кусаланууну жон терим менен сезгем. Ошол себептен сыртка концерт коюп чыкканда ар кандай жолугушууларда боордош мекендештер менен кабарлашууга, алардын ал-абалын сурап кайтканга аракет кылам.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Гулзада Рыскулова (@gulzada.ryskulova.official)

— Сахнада, жалпы эле жашоодо жаза тайып жаңылып калсаңыз кантип жеңип өтөсүз? Көпкө кабатырланып, ойлоносузбу?

КРдин эмгек сиңирген артисти Бек Борбиев маек учурунда - Sputnik Кыргызстан
Бек Борбиев: кийинки шайлоодо депутаттыкка аттанышым мүмкүн
— Өтө одоно ката кетирдим деп өзүмдү күнөөлөгөн учурум деле болбойт. Жашоо болгон соң ар кандай жаңылыштыктар болуп калат. Бирок ал сенин катачылыгыңдан эмес, башка бир кырдаалга байланыштуу болушу мүмкүн. Менин бир жакшы жагым — бир көйгөйдү кечке ойлоп, өзүмдү жебейм. Ошол абалдан болушунча тез чыгып кетүүгө аракет кылам. Албетте, оптимисттик ой-жүгүртүп, андан башка да жакшы нерселер бар экенин эске алып алаксыйм. Жашоо өзү оң менен солдон, ак менен карадан тургандан кийин баарына даяр болуу керек. Адамдын жеңиши — оор учурларды, кырдаалды жеңип өтүп кетүүдө.

— Балдарыңыз кайсы кесиптин ээси болсо чексиз кубанаар элеңиз?

— Балдардын өзүнүн табитине, каалоосуна жана талантына жараша, мен болгону багыт гана бере алам. Алар өздөрү жасаган ишинен, кесибинен чексиз рахат алган болсо, кубанганым, кубат алганым да ошол. Биз балдардын аракетине, мүмкүнчүлүгүнө жараша колдоп-коштоп турушубуз керек. Ата-эне алардын милдетин өзүнө алып албашы керек. Элүү пайыз жардам берсек да элүү пайызы өздөрүнүн аракети болгону оң. Ошондо алар жасап жаткан эмгегинин мээнетин сезип, андан ары аракет кылып, андан эргүү ала алат. Ошол себептен балдарымдын каалоо-тилектерин чектебей, аларды колдогонго даярмын.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Гулзада Рыскулова (@gulzada.ryskulova.official)

— Чыгармачылыкта кандай пландарды коюп жатасыз? Эмне менен таң калтырасыз?

— Абдан кызык суроо экен (күлүп). Азыркы учурда элди таң калтыруу абдан оор. Ааламдашуу заманында эмне деген таң калычтуу окуяларга, кандай гана көркөм дүйнөлөргө күбө болуп жатабыз. Ошондуктан таң калтырганга деле аракет кылбайм, болгону жаңыча ой жүгүрткөнгө жана өзүмдүн да чыгармачылыгымды мындан ары улантканга аракетимди жумшай берем.

Жаңылыктар түрмөгү
0