00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Что делать, если вас обманули в магазине или при покупке онлайн
08:04
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Климаттын өзгөрүшү, өрт жана малдын зыяны шартында токой чарбасын калыбына келтирүү
09:05
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Центр ШОС в Кыргызстане: зачем региону общая борьба с преступностью
10:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Кен иштетүү жана экология: талаптарды сактоо жана жоопкерчилик
11:04
37 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Чыгармачылык билим жана кадр даярдоо: музыкалык-педагогикалык институттун ролу
13:04
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жарандык авиация агенттиги Кыргызстанга быйыл 4 учак алынат деп ишендирүүдө

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүBoeing 777 учагы. Архив
Boeing 777 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жарандык авиация агенттигинин директорунун айтымында, учурда Air Kyrgyzstan жана Air Manas компаниялары жаңы өнөктөштөр менен макулдашып жатат.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Жыл соңуна чейин Кыргызстандын ички каттамдарын толук камсыздоо үчүн алты учак алып келинет. Бул туурасында парламенттин жыйынында Жарандык авиация агенттигинин директору Курманбек Акышев билдирди.

Депутат Аалы Карашев андан авиация тармагынын азыркы абалы боюнча сурады. Акышев учурда Air Kyrgyzstan жана Air Manas жаңы өнөктөш компаниялар менен иш алып барып жатканын айтты.

"Air Kyrgyzstan компаниясынын ишин өнүктүрүү боюнча Германиянын Panaf компаниясы премьер-министр менен жолугушуу өткөрүп, меморандумга кол коюлган. Жумушчу топ түзүлүп, ошонун негизинде иш-чаралар жүрүп жатат. Алар жергиликтүү каттамдарды толуктоо боюнча аба кемелери менен камсыздоого милдеттеме алышты. Ал үчүн ATR 72 үлгүсүндөгү эки, Boeing үлгүсүндөгү эки самолет алып келе турган болушту. Тараптар компаниянын акциясына теңме-тең ээлик кылышат", — деди Акышев.

Мындан тышкары, Акышев Air Manas компаниясынын акциясын алган ишкана дагы эки учак алып келерин айтты.

Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан аэропортторун тышкы башкарууга берип эмне пайда көрөт? Маани-маңызы
"Түрктөрдүн Pegasus Airlines ишканасы Air Manas компаниясындагы 49 пайыздык үлүшүн AviaTrade Corp. LP. деген ирландиялык компанияга саткан. Инвесторлору келип, иш-чаралар жүрүп жатат. Аларга жергиликтүү каттамдарды тейлөө милдеттемеси коюлган, эки айдын ичинде эки Airbus үлгүсүндөгү учак алып келүүгө аракет кылышууда. Ушул эки авиакомпаниянын учактары жыл соңуна чейин толук кандуу иштеп калат", — деди Жарандык авиация агенттигинин директору.

Мындан шек санаган депутат Аалы Карашев: "Жылдын аягына чейин ишке киришин жоопкерчиликтүү айтып жатасызбы?" - деп кайра сурады. Ага Акышев: "Ооба, жоопкерчиликтүү айтып жатам", - деп жооп узатты.

Белгилей кетсек, Air Manas 1-марттан тарта каттамдарын токтоткон. Учурда ички каттамдарды TezJet менен Avia Traffic авиакомпаниялары гана тейлеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0