Алмазбек Атамбаев сотко өтүнүч келтирди

© Фото / секретариат СДПКАлмазбек Атамбаев сотко өтүнүч келтирди
Алмазбек Атамбаев сотко өтүнүч келтирди - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Yandex newsTelegram
Кечээ мурдагы президенттин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева Атамбаев Кой-Таш окуясы боюнча соттук отурумдарга баштан-аяк катышарын билдирген. Бирок Атамбаев бүгүнкү жыйынга келген жок.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Бүгүн, 4-мартта, Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясы боюнча ишти караган жыйын уланууда.

Закрытое заседание фракции СДПК - Sputnik Кыргызстан
Атамбаевдин сотто костюм-шымчан отурган ирмеми. Сүрөт
Эске салсак, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуя боюнча алгачкы соттук отурум кечээ, 3-март күнү, башталган. Бирок залда кагаз коюп иштегенге отургучтар жетишсиз болуп, айыпталуучулар айнек кабиналарда отургандыктан алардын сөзү сыртка, сырттагы үндөр аларга угулбай калган. Шарттын жоктугунан улам жыйын бүгүнкүгө жылдырылган. Отурумга мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон 14 айыпталуучу келген.

Бирок бүгүнкү жыйынга мурдагы мамлекет башчы катышкан жок. Прокурорлордун айтымында, Атамбаев соттук отурумду ансыз эле өткөрө берүү өтүнүчүн келтирген. Жыйынга Ирина Карамушкина дагы келген жок. Анын адвокаты депутат батага кеткенин билдирди.

Судья кеңешүү бөлмөсүнө кетип, саат 14:30га чейин тыныгуу жарыялады.

Кой-Таш окуясы

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Учурда Атамбаев сегиз эпизод менен шектелип, УКМКнын тергөө абагында. Бул окуядан бир киши каза таап, 175 адам дарыгерлерге кайрылганы белгилүү болгон.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0