Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүВелосипед тээп бараткан адам. Архив
Велосипед тээп бараткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
1-мартта түнкүсүн Нарын облусунун кээ бир аймактарында, Ош, Ысык-Көл облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Калган аймактарда күн ачык болот.

БИШКЕК, 29-фев. — Sputnik. 1-мартта күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Шамалдын багыты өзгөрүлүп, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +13…+18, Талас аймагында +12…+17, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +14…+19, Ысык-Көлдө +4…+9, Нарын жергесинде +2…+7 градуска чейин күн жылыйт.

Бишкекте күндүн табы +16…+18, Ошто +14…+16 градуска көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0