Эриш-аркак жыл. Жээнбеков менен Путиндин көңүлгө уюган сөздөрү

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүПрезидент РФ В. Путин и президент Кыргызстана С. Жээнбеков приняли участие в церемония открытия перекрестного Года России и Кыргызстана
Президент РФ В. Путин и президент Кыргызстана С. Жээнбеков приняли участие в церемония открытия перекрестного Года России и Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кремлдин чоң залында эки өлкөнүн мыкты өнөрпоздору катышкан гала-концерт өттү. Тарыхый окуя болуп эсептелген ачылыш аземинде өлкө башчылар сахнада кучакташты.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кечээ президенттер Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путин Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылын расмий түрдө ачышты.

Кремлдин чоң залында эки өлкөнүн мыкты өнөрпоздору катышкан гала-концерт өттү. Тарыхый окуя болуп эсептелген ачылыш аземинде өлкө башчылар сахнада кучакташты. Бул жылы Кыргызстан менен Россияда 200дөй иш-чаралар болмокчу.

Sputnik Кыргызстан редакциясы Кремль сахнасында айтылган эң маанилүү саптарды сунуштайт.

Путиндин эриш-аркак жыл жана эки өлкөнүн мамилеси боюнча айткандары

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүРоссия президенти Владимир Путин
Эриш-аркак жыл. Жээнбеков менен Путиндин көңүлгө уюган сөздөрү - Sputnik Кыргызстан
Россия президенти Владимир Путин

Россия Кыргызстан менен мамилесин мындан ары дагы ар тармакта бекемдөөнү көздөйт. Буга эриш-аркак жылдын белгилениши жакшы шарт түзөт деп ишенем;

Маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары дагы өнүктүрүүгө артыкчылык берилет. Театрлардын, музыкалык жамааттардын гастролдору, көркөм-сүрөт көргөзмөлөр, тасмалар эки элдин бири-биринин маданияты менен тереңдеп таанышуусуна өбөлгө түзөт;

Жаркыраган сахна көңүлдү жаркытып турду - Sputnik Кыргызстан
Россиянын опера ырчысы кыргызча созгондо... Эриш-аркак жылынын ачылышынан репортаж
Россия менен Кыргызстанды ар тармакта кызматташып жаткан стратегиялык өнөктөштүгү бириктирип турат;

Россия менен Кыргызстан аймактагы туруктуулукту сактоо үчүн эки тараптуу дагы, ЖККУ алкагында дагы кызматташып келет. Ошондой эле тоо-кен, транспорт жана жаңы технологиялар тармагындагы биргелешкен бир катар долбоорлорду ишке ашырып келебиз;

Улуу Жеңиштин 75 жылдыгына арналган эки тараптуу тарыхый-мемориалдык жана патриоттук сезимдерди ойготкон иш-чаралар чоң мааниге ээ. Өзүнүн кан-жанын аябай жеңишти алып берген ата-бабалардын эрдигин кийинки муунга жеткирүү жаатында Россия менен Кыргызстан көп иштерди кылып келе жатат;

Сооронбай Шарипович менен кыргызстандык делегацияны Москва шаарында 9-май күнү Улуу Жеңишке арналган салтанатта күтөбүз. Кыргызстандын аскерлери башка өлкөлөрдөн келген кесиптештери менен аскердик парадга катышат деп ишенебиз.

Жээнбеков Кыргызстан менен Россия алакасынын тарыхы тууралуу

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүКыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков
Эриш-аркак жыл. Жээнбеков менен Путиндин көңүлгө уюган сөздөрү - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков

Кыргыз эли мындан бир жарым кылым мурда эле Россия эли менен бирге тагдырлаш болууну тандап алган. Тарых көрсөткөндөй, бул туура кадам болгон. Биз бүгүн мындай чечимди кабыл алган ата-бабаларыбыздын кыраакылыгына жана көрөгөчтүгүнө таазим кылабыз;

Кыргызстандын эгемендикке ээ болгонуна 30 жыл толду. Постсоветтик тарыхтан кийин ар кандай оош-кыйыштар болгонуна карабастан, биз Россия менен бир тууган, достук мамиледеги өлкө боюнча калдык. Эки өлкө элинин ортосундагы жакындык, достук жана боордоштук мамиле абдан кубандырат;

Биз кылымдардан бери келе жаткан жалпы маданий-руханий баалуулуктарыбызды биргеликте сактай алдык. Кыргызстанда орус тили расмий тил гана эмес, улуттар ортосундагы баарлашуунун тили, бул эки элди мындан да жакындатат;

Встреча Владимира Путина и Сооронбая Жээнбекова в Москве - Sputnik Кыргызстан
Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин жолугушуусу видеодо
Адамзат тарыхындагы эң коркунучтуу согуш тууралуу чындыкты кылдат сактап, урпактарга өткөрүп берүү — биздин ыйык милдетибиз. Биз ата-бабаларыбыздын эрдиги менен каармандыгын унутпайбыз. Советтик жоокердин улуу эрдиги эч качан унутулбайт. Согуш жөнүндөгү чындыкты сактап калууда Россиянын ролу зор. Кыргызстан Экинчи дүйнөлүк согуштун тарыхын бурмалоого жол бербөөгө багытталган Россия президенти Владимир Путиндин аракетин толугу менен колдойт;

Россия бүгүнкү күндө дүйнөлүк держава, эл аралык аренада кадыры артык. Россия — биздин эң жакын, ишенимдүү союздашыбыз жана узак мөөнөттүү стратегиялык өнөктөшүбүз.

Кыргызстан эли Россиянын жана анын лидери Владимир Владимирович Путиндин бараандуу колдоосун баалайт жана ар дайым эстеп жүрөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0