Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Камчыбеков: өлкөдө 600 миңдей кишинин насыялык карызы бар

© Sputnik / Табылды КадырбековПрофайлер-верификатор, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери Арсланбек Камчыбеков
Профайлер-верификатор, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери Арсланбек Камчыбеков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профайлер-верификатор, күч түзүмдөрүнүн мурдагы кызматкери Арсланбек Камчыбеков насыя алгандар да, аны бергендер да финансылык алдамчылыктын курмандыгына айланган учурлар көп экенин айтты.
Камчыбеков: өлкөдө 600 миңдей кишинин насыялык карызы бар

Статистикалык маалыматтарга ылайык, бүгүнкү күндө өлкө боюнча 600 миң кишинин насыялык карызы бар. Бирок, тилекке каршы, калктын басымдуу бөлүгүнүн финансылык сабаты төмөн. Мындан улам кредит алып жатканда айрымдар анын жоболору менен толук таанышпай алданып калып жатышат. Бул тууралуу Арсланбек Камчыбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, республика боюнча 25ке жакын банк, 170тен ашуун микрокредиттик компания жана насыя алууга көмөк көрсөткөн 117 мекеме бар.

"Финансылык алдамчылыктардын катарында насыяга байланышкан иштер да абдан көп. Тилекке каршы, буга калктын финансылык сабаттуулугунун төмөндүгү себеп болууда. Шылуундар мындан пайдаланып, кредиттик компанияларды ача коюп, тез мөөнөттө бериле турган төмөн пайыздык төлөмдөр менен элди кызыктырышат. Ага алданган карапайым калк келишимде каралган шарттарга көп көңүл бурбай эле кредит алып, кийин карызды төлөгөнү келгенде сызга отуруп калууда. Ошондуктан алданып калбоо үчүн ири банктарда каралбаган, аябай жөнөкөй шарттарды сунуш кылган насыя берүүчү компанияларды алгач дыкат текшерип чыгуу керек. Юстиция министрлигине кайрылып, башка кардарлардан да тактап, жоболору тууралуу укук коргоочулардан сурап алуу зарыл. Бул жерде белгилей кетчү жагдай, насыя берүүчүлөр өз кызыкчылыгын ар дайым жогору коёт. Ошол эле учурда мыйзамдуу иш алып барган банк жана микрокредиттик компаниялар да жок эмес. Өз кезегинде алар да финансылык алдамчылыктын курмандыгына айланган учурлар бар. Бул жерде айрым кардарлар жасалма документ менен кредит алган окуяларды мисал кылууга болот. Ошондой эле психикалык жактан жабыркаган жана карыган адамдардын атынан насыя алгандар кездешет", — деди Камчыбеков.

Ал ошондой эле, статистика боюнча, финансылык алдамчылыктын 24 пайызы телефон аркылуу болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0