Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровИсфана — Баткен жолунда. Архив
Исфана — Баткен жолунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
26-февралда түнкүсүн республика боюнча күн ачык болот. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Шаршемби күнү, 26-февралда, күндүз Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +15…+20, Ысык-Көлдө +3…+8 градус жылуу, ал эми Нарында термометрдин көрсөткүчү -2…+3 градуска жогорулайт.

Бишкек жана Ош шаарларында күндүн табы +18…+20 градуска чейин көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0