Баланы 1-класска электрондук түрдө кантип каттатса болот? 8 суроого жооп

© Sputnik / Табылды КадырбековТоржественная линейка в день знания в Бишкеке
Торжественная линейка в день знания в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баласын 1-класска берчү ата-энелер үчүн Sputnik Кыргызстан агенттиги атайын материал даярдады. Макаладан электрондук каттоонун тартиби менен тааныша аласыздар.

Былтыр Бишкектин мектептери эле 1-класска барчу балдарды электрондук түрдө каттаса, быйыл бул долбоор дагы беш шаарда иштей баштады. Алар — Ош, Жалал-Абад, Кызыл-Кыя, Токмок жана Кара-Балта. Аталган алты калаанын тургундары чүрпөлөрүн мектепке эми милдеттүү түрдө электрондук түрдө гана каттата алат. Баса, долбоордун шарты былтыркыдан бир аз өзгөргөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул боюнча атайын материал даярдады. Бөбөктү мектепке электрондук жол менен каттоо тартиби төмөнкүчө болмокчу. Муну башынан аягына чейин Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектепте жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Айнура Кусейинова айтып берди.

Электрондук каттоо качан башталат?

Мектептеги окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Окуучуларды 11-класска чейин окууга милдеттендирген мыйзам кабыл алынды
Баланы 1-класска электрондук каттоо 15-февралда башталган. Эсиңиздерге салсак, былтыр 1-этапта микроучастокто жашагандардын балдары биринчи катталчу. Быйыл ал эреже өзгөрүп, аталган маселе жоюлду. Балдары окуй турчу ата-энелер эми каалаган мектебин тандаса болот. Болгону электрондук арызды туура толтуруп, документтери толук болушу керек. Ар бир мектепте саналуу гана орун бар. Ошондуктан канчалык эрте каттатса, ошончолук балдардын өздөрү каалаган мектепте окууга мүмкүнчүлүгү болот. Электрондук каттоонун акыркы мөөнөтү — 15-август.

Мектепти кантип тандап, кандай катталат?

— Алгач сайтына кириш керек. Сайт ачык, баарына жеткиликтүү, акысыз. Ал жерде бардык маалыматтар бар. Мисалы, "көп кездешкен суроолорго жооп" деген бөлүктөн ата-эне керектүү суроолоруна жооп ала алат. "Статистика" деген бөлүктө ар бир мектеп, анын дареги, 1-класска канча квота берилгендиги тууралуу маалыматтар жайгаштырылган. Бул бөлүктөн каалаган мектепте 1-класска бала толуп калган же калбаганын билип алса болот. Керектүү маалымат алгандан кийин арыз толтурууга өтсө болот.

Арызды кантип толтурат?

Школа в селе Дон-Алыш Кочкорского района - Sputnik Кыргызстан
Ата-эне баласынын мектепте жеген тамагына чейин онлайн көрөт. Долбоор башталууда
1-кадам. Башкы бетинде "арыз берүү" деген баскычты басып, ал жактан бош жерди толтуруу керек. Алгач ата-эненин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн аты-жөнү, паспорттогу керектүү маалыматтары, жашаган дареги, телефон номерлери, электрондук дареги жазылып, документтердин көчүрмөсү тиркелет. Электрондук даректери (почта) жоктор аны сөзсүз ачканы абзел.  Анткени мектеп тууралуу маалымат электрондук почтага келип турат.

2-кадам. Андан соң 1-класска кире турчу бөбөктүн аты-жөнү, туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү маалымат жазылып, документтеринин көчүрмөсү тиркелет.

3-кадам. Бала бара турчу мектеп тандалат.

Эгер электрондук арыз туура эмес толтурулуп калса, үч күндүн ичинде ата-эненин электрондук дарегине эмнеси туура болбой калгандыгы тууралуу маалымат келет;

Электрондук каттоо системасынан "кабыл алынды" деген билдирүү келгенден кийин, 14 күндүн ичинде ата-эне керектүү документтеринин түп нускаларын мектепке барып тапшырышы керек.

Баланы мектепке киргизүүдөгү керектүү документтер:

— баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү (түп нуска жана көчүрмө);

— ата-энесинин же баланы караган мыйзамдуу өкүлдүн паспортунун көчүрмөсү;

— ден соолугунун абалы тууралуу медициналык справка (Ф-26);

— Баланын эмделгендиги тууралуу медициналык справка (Ф-63);

— Баланы мектепке киргизүүдө ден соолугунун абалы тууралуу медициналык справка;

— 3x4 сүрөт

— Ата-энесинин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн жашаган жеринен справка. Эгер баланын каттоосу болсо, мамлекеттик каттоо кызматынан справка. Эгер каттоосу жок болсо, анда муниципалдык аймактык башкармалык тарабынан берилген документ жарай берет.

Кандай балдар жеңилдик менен кире алышат?

— аскер кызматкерлеринин балдары (кызмат өтөп жаткан ата-энелер паспортунун көчүрмөсүн, аскердик күбөлүгүн, сүрөтүнүн көчүрмөсүн алып келүүсү абзел);

— Кыргызстанга көчүп келген кайрылман статусу бар этникалык кыргыздардын балдары (кайрылман статусун тастыктаган документин көрсөтүшү зарыл).

Кайсы мектептерге электрондук каттоо системасы тиешелүү эмес

Окуучулар экзамен башталышына чейин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Быйылтан тарта 10-11-класстын окуучулары өзү тандаган сабакты гана окуп баштайт
Электрондук каттоодон №61 физика-математикалык мектеп-лицейи бошотулган. Анткени алардын өздөрүнүн бала бакчасы бар. Ал жактан балдарды өз ыкмалары менен мектепке даярдашат. Бирок бул мектеп быйыл 1-класска 20 орунга квота берген. Мындан сырткары ден соолугунан жабыркаган балдар барган мектептер, интернаттар жана коррекциялык класстары бар алты мектеп дагы электрондук каттоодон бошотулган. Музыкалык жана жеке мектептер да балдарды электрондук каттоосу жок алат.

Биринчи класска кирүүдө бала экзамен тапшыруусу зарылбы?

Мыйзам боюнча баланы 1-класска кабыл алууда алардан экзамен, тест алып, сынак жүргүзүп билим деңгээлин текшерүүгө жол берилбейт.

Суроолор жаралса кайда кайрылса болот?

http://www.mektep.edu.gov.kg/ сайтынын өзүндө түшүнбөгөн суроолор үчүн бош жер бар. Эгер такыр эле сайтка кире албай же колдоно албай жатса, ата-энелер төмөнкү номерлерге чалса болот:

  • 0312 54 30 24
  • 0706 12 22 11
  • 0776 12 22 11
  • 0556 12 22 11
Жаңылыктар түрмөгү
0