Эртең Бишкектин 36 көчөсүндө электр кубаты өчүрүлөт. Тизме

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Түндүк электр" ишканасынын бригадалары электр кубатын жеткирген линиялар менен көмөк чордондордун иштешин текшерип, кээ бирлерин оңдошот.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Борбор калаанын бир катар райондорунда 26-февраль күнү электр энергиясы өчүрүлөрүн "Түндүк электр" ишканасынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Электр кубаты өчүрүлө турган жерлер:

  • 09:00 - 11:00 — Суванбердиев, Бектенов, Юнусалиев көчөлөрүндө жана Неженск, Бийск тар көчөсү;
  • 09:00 - 14:00 — Ибраимов көчөсү №249;
  • 09:00 - 17:00 —  Көк-Жар (Шоокум, Көк-Жайык) конушу, Жибек-Жолу, Куликов көчөлөрүнүн кээ бир жерлеринде. 12-кичи райондогу №6,13 жана Махатма Ганди көчөсүндөгү №158/1, 158/2, 158/3 үйлөр;
  • 09:30 -17:00 — Паркова, Кожомкул, Абдрахманов, Ленск, Кызыл-Аскер, Кара-Балта, Березовая көчөсү. Андан сырткары, Чоң-Арык (Чыгыш, Центральная, Самойленко, Абдрахманов, Гараж, Мостовая, Батыш көчөлөрү), Киргизия, Көлмө (Мыскал, Кулиев, Жаңылык көчөлөрү, "Баят" базары) жана Арча-Бешик (№14, Арча-1 көч.) конуштарында;
  • 10:00 -18:00 — Рухий Мурас конушу (3-7-көчөлөр);
  • 13:00 - 17:00 — Фере, Боталиев көчөлөрү жана Мусоргский тар көчөсүндө.

"Түндүк электр" ишканасынын бригадалары электр кубатын жеткиргичтер менен көмөк чордондордун иштешин текшерип, кээ бирлерин оңдошот.

Жаңылыктар түрмөгү
0