00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:08
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна Кыргызстан боюнча даттанганы жатат

© © Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевСитуация на пункте пропуска "Ак-Тилек" на кыргызско-казахской границе
Ситуация на пункте пропуска Ак-Тилек на кыргызско-казахской границе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстан казак тарап ар кандай чектөөлөрдү коюп, соода жүгүртүүгө тоскоолдук жаратканын айтып ДСУга арызданган.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Казакстан Дүйнөлүк соода уюмуна (ДСУ) Кыргызстан боюнча доо-арызын даярдоодо. Бул тууралуу коңшу мамлекеттин соода жана интеграция боюнча вице-министри Жанель Кушукова билдиргенин Sputnik Казакстан жазды. 

Буга чейин Кыргызстан казак тарап ар кандай чектөөлөрдү коюп, соода жүгүртүүгө тоскоолдук жаратканын айтып ДСУга арызданган.

Казакстан дооматка жооп кайтарып, Кыргызстан бажылык башкаруусун колго ала албай, Казакстандын жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин бюджетине зыянын тийгизип жатканын билдирген.

Кушукованын айтымында, Кыргызстандын арызданганы аларды таң калтырган.

"Бизде Кыргызстандын улуттук мыйзамынын дал келбестиги тууралуу ДСУга бир нече кайрылуу даярдалууда. Коңшу мамлекет ДСУга бизден биринчи кайрылып жиберди. Бирок алардын доосу анча негизделген эмес. Март айында Дүйнөлүк соода уюмунун бир нече комитеттеринин жыйыны өтөт. Дообузду ошондо айтабыз", — деди Кушукова.

Открытие границы между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын бажыдагы ашынган көзөмөлү. Кыргыз тараптын пикири
Коңшу өлкөнүн вице-министри Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген башка өлкөлөр сыяктуу Кыргызстандын өзүнүн атамекендик ишкерлер үчүн мүмкүнчүлүгү жана кошумча рыногу бар экенин белгиледи.

"Кыргызстандын аткара турчу иштери көп. Мисалы, бажы администрациясын модернизациялоо жана унификациялоо иши бар. Бирок бул рынок! Кыргызстан биздин өнөктөш, эки тараптуу карым-катышыбыз жокко чыгарылбайт", — деген ал.

ДСУнун Соода процедураларын жөнөкөйлөштүрүү комитетинин жыйыны 11-февралда Женевада өткөн.

Казак тарап бардык маселе Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) кирген өлкөлөр менен байланыштуу экенин билдирип, көйгөйдү эки тараптуу же ЕАЭБдин аянтчасында чечүү керектигин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0