00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ломбардга буюм коердо эмнелерге көңүл буруш керек, алданганда каяка кайрылса болот? Финансылык көзөмөл кызматы менен маек
09:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Подготовка к перевыборам в 13 округе: какие уроки извлечены из аннулированного голосования
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Өлкөдө жумушсуздукту азайтуу жана жаштарды эмгек рыногуна тартуу боюнча иштер кандай жүрүүдө?
11:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Бишкек коопсуз, жашоого ыңгайлуу шаар — Башкы планда эмнелер камтылды?
13:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
15:04
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Горы любят внимательных: как кататься в горах Кыргызстана без риска
16:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Кулпунат Нуруйбекова: Мурда мугалим десе уялчумун азыр сыймыктанам
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Почему родители отказываются от лечения онкобольных детей в КР - беседа с главой отделения
18:07
37 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Экономикалык панорама
Топоз өндүрүүнү колго алуу кыргыз эт багытын өзгөртө алабы?
19:06
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
12 жылдык окутуунун программасы жөнөкөйлөтүлөт — эмнелер өзгөрүүдө?
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Дастан Жумабековдун кеңешчиси. "Унаанын" жаңы директору тууралуу эмне белгилүү

© Фото / Facebook / Марат Пирназаров"Унаа" мамлекеттик ишканасына директор болуп дайындалган Марат Пирназаров
Унаа мамлекеттик ишканасына директор болуп дайындалган Марат Пирназаров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автоунааларды каттап, айдоочулук күбөлүк берген ишкананын башчылыгына бир жылда эле үчүнчү жетекчи келип жатат.

БИШКЕК, 23-фев. — Sputnik. "Унаа" мамлекеттик ишканасына директор болуп Марат Пирназаров дайындалды. Sputnik Кыргызстан агенттиги анын эмгек жолун билүүгө кызыкты.

Пирназаров 40 жашта, Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Эшме айылында туулган.

Пирназаров Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын төрага орун басары кызматында беш жарым жыл иштеген. 2017-жылдын ноябрь айында ошондогу премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен кызматтан бошотулган.

Соңку учурда  Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабековдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан.

Юстиция министрлигинин расмий сайтында Марат Пирназаров бир нече компаниянын жетекчиси экени айтылат.

Алар төмөнкүлөр:

  • "Наристе-Инвест" акционердик инвестициялык фонду;
  • "УК ИРБИС" Ачык акционердик коому;
  • "Золотая Фортуна" ААК;
  • "Белая Гора" ААК;
  • "ВИТА Люцерна" ААК;
  • "БарсЭнерго" ААК.

2010-жылы мамлекеттик кызматка өткөндөн кийин жогорудагы компаниялардын директорлугунан бошотулган.

"Унаанын" тарыхы

Заместитель директора Инфоком Акынбек Мамбеталиев - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо системасын жакшы билет. Мамкаттоонун жаңы төрагасы тууралуу 5 факты
2018-жылдын аягында Маалыматтык кызматтардын адистештирилген борбору жана Унаа каражаттары менен айдоочулук курамды каттоо департаменти жоюлган. Анын базасында жаңы "Унаа" мамлекеттик ишканасы түзүлгөн. Бул мекеме автоунааларды каттап, айдоочулук күбөлүк берет. Биринчи директор Марс Саккараев директор болуп төрт ай иштегенден кийин Аламүдүн районуна аким болуп кеткен. Анын ордуна 2019-жылдын июль айында Алымжан Козубаев келип, жети ай иштеди. Анын алешем иштерин Коопсуздук кеңеши аныктап чыккандан кийин ал кызматтан алынган. Ошондой эле ага карата сотко чейинки өндүрүш ачылган.

Андан мурдараак Sputnik Кыргызстан агенттиги Козубаевдин кадр маселесинде шек жараткан коррупциялык иштери тууралуу материал даярдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0