00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Орозо пайдалуу өтүшү үчүн кандай азыктарды жеш керек?
17:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Каким должен быть учитель сегодня и готовы ли школы к новым детям?
18:07
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стопкадр
Салт жана технология: «Жомокчу» ИИ менен жомокторду мультфильмге айлантат
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Иран и Кыргызстан: о взаимодействии в экономике и построении новых маршрутов
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ак калпак — улуттун жүзү: баалуулуктар менен заманбап жашоонун айкалышы кандай болууда?
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жети-Өгүздө 15 түтүн калың кардан эч жакка каттай албай калды. Сүрөт, видео

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЗима в Омской области
Зима в Омской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жергиликтүү тургундардын айтымында, каттам токтоп калып, автоунаалар карга тыгылган боюнча чыга албай турат. Жолдогу кардын калыңдыгынан балдар эмес, ат да баса албай калган.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айыл өкмөтүнүн Боз-Бешик кыштагында 15 түтүн калың кардан эч жакка каттай албай калды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине жергиликтүү жашоочу Мирлан Тынымсейитов билдирип, ал жактан сүрөт, видео жөнөткөн.

Анын айтымында, эки күндөн бери калың кардан улам балдар да мектепке чыга албай калышкан. 

© Фото / Мирлан ТынымсейитовЖети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айыл өкмөтүнүн Боз-Бешик кыштагында 15 түтүн калың кардан эч жакка каттай албай калды
Жети-Өгүздө 15 түтүн калың кардан эч жакка каттай албай калды. Сүрөт, видео - Sputnik Кыргызстан
Жети-Өгүз районуна караштуу Оргочор айыл өкмөтүнүн Боз-Бешик кыштагында 15 түтүн калың кардан эч жакка каттай албай калды
"Эки күн мурда кар жаап, Боз-Бешик айылынан үч чакырым ылдый жактагы жолго бороон үйлөп салган. Ал жакта 15тей түтүн жашайт. Каттам токтоп калып, автоунаалар карга тыгылган боюнча чыга албай турушат. Жолдогу кардын калыңдыгынан балдар эмес, ат да баса албай калды. Маселеге айыл өкмөтү көңүлкош мамиле жасап жаткандай. Болбосо эки күндүн ичинде чечмек да", — деди Тынымсейитов.
© Фото / Мирлан ТынымсейитовОргочор айыл өкмөтүнүн өкүлү Муктар Касенов маселени боюнча иштеп жатышканын айтты
Жети-Өгүздө 15 түтүн калың кардан эч жакка каттай албай калды. Сүрөт, видео - Sputnik Кыргызстан
Оргочор айыл өкмөтүнүн өкүлү Муктар Касенов маселени боюнча иштеп жатышканын айтты

Оргочор айыл өкмөтүнүн өкүлү Муктар Касенов маселе боюнча иштеп жатканын айтты.

"Жол кечээтен бери тазаланып жатат. Тургундар айтып жаткан жакты тазалоого чоң техника керек экен. Аны бүгүн жөнөтүп жатабыз. Эртеңкиге чейин маселе чечилип, жашоочуларга шарт түзүлөт", — деп ишендирди Касенов.

Баса, Чолпон-Атада 19-февралга караган түнү катуу кар жаап, бийиктиги 60 сантиметрге жеткен. Жергиликтүүлөрдүн айтымында, акыркы 10 жыл аралыгында мынчалык көп кар жааган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0