00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
16:51
8 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
10 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:11
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:08
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

ЕАЭБ электромобилдерди бажы төлөмү жок киргизүүгө ниеттенүүдө

© AFP / JACQUES DEMARTHONSchneider электрдик технологияны колдонгон унаа. Архив
Schneider электрдик технологияны колдонгон унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коллегиянын төрөгасы Михаил Мясникович белгилегендей, бул аракеттер ЕАЭБде электромобилдер рыногунун түзүлүшүнө, өндүрүштүн өсүп-өнүгүшүнө жардам берет.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы 2020-жылдын аягына чейин электромобилдерге нөлдүк бажы коюмун киргизүү демилгесин колдоду. Бул туурасында ЕЭКтин маалымат кызматынан билдиришти.

Аталган долбоор Евразиялык экономикалык биримдиктеги өлкөлөрдүн вице-премьерлеринен турган ЕЭК кеңешине тийиштүү болуп саналат.

"Бул чаралар бажы чек арасы аркылуу товар ташып келген жарандарга карата да көрүлөт. Соңку чечимди ЕЭК кеңеши кабыл алышы керек", — деп айтылат маалыматта.

Коллегиянын төрөгасы Михаил Мясникович белгилегендей, бул чара ЕАЭБде электромобилдер рыногунун түзүлүшүнө, анын өндүрүшүнүн жана кубаттоочу инфраструктурасынын өсүп-өнүгүшүнө жардам берет.

"Биримдикте электромобиль базарынын иштеп, алдыга жылышы үчүн биринчи кезекте инфраструктура менен кубаттоочу станциялар түзүлүшү шарт. Экинчи маселе — өздүк электромобилдерди өнүктүрүү. Азыр үч өлкө муну менен тынымсыз алектенүүдө", — деген Мясникович.

Открытие границы между Киргизией и Казахстаном - Sputnik Кыргызстан
Казакстандын бажыдагы ашынган көзөмөлү. Кыргыз тараптын пикири
Белгилей кетсек, 2016-жылдын сентябрынан 2017-жылдын августуна чейин электромобилдерге карата нөлдүк коюмдар киргизилген. Маселен, бул убакытта аталган транспорттун түрүнүн импорту Белоруссияда төрт эсеге өскөн.

Ошол эле убакта ЕАЭБге кирген башка өлкөлөрдө 12 ай ичинде нөлдүк коюм менен ташып келинген жана сатылган электромобилдердин саны ойдогудай болбой калган. Бул транспорттун аталган түрүнүн рыногун түзүү планына да ылайык келген эмес. Мындай чара жарандарга карата колдонулбаганы белгиленди.

Эске сала кетсек, 2018-жылы июлда Кыргызстанда автомобилди бажылык жол-жоболоштуруу төлөмү төмөндөтүлүп, 2014-жылдагы көлөмгө чейин түшүрүлгөн. А эми электромобилдерди каттоо жана кайра каттоо бекер болгон. Бирок жеңилдителген убакыт былтыр 31-декабрда аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0