БИШКЕК, 11-фев. — Sputnik. Футбол боюнча Франция чемпионатынын алкагында беттешкен "Пари Сен-Жермен" жана "Лион" клубдарынын оюну учурунда күлкү келерлик көрүнүш болду.
— Drafts 2.0 (@drafts_2) February 10, 2020
Мелдештин экинчи таймынын 47-мүнөтүндө ПСЖ клубунун чабуулчулары каршы аракеттерди күчөтүшкөн. Бир убакта ошол эле клубдун оюнчусу өзүнүн дарбазасына кокусунан гол киргизип алганын көрүүгө болот. Оюн талаасына алар ак кийим менен чыгышкан.
Видео аз убакытта эле интернетке жайылып кетип, комментарийлеринде Марсалдын тобу "жылдын мыкты голуна талапкер" деп жазышкан.
Жыйынтыгында 4:2 упай эсеби менен ПСЖ жеңүүчү болгон.