Валентина Шевченко (Кыргызстан) во время боя с Кэтлин Чукагян (США) на UFC 247 в Хьюстоне. 8 февраля 2020 года - Sputnik Кыргызстан

Шевченко менен Чукагяндын беттеши. Тексттик трансляция

Жазылуу
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко ушуну менен үчүнчү ирет чемпиондук наамын коргомокчу. Кызыбызга ийгилик каалайбыз!!!

Арыбаңыздар, Sputnik Кыргызстан агенттигинин окурмандары! Бир аз убакыттан кийин кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко менен америкалык спортчу Кэтлин Чукагяндын беттеши башталат. Турнир UFC 247 турниринин алкагында өтмөкчү. Спорттук иш-чара АКШнын Хьюстон шаарында өтүүдө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги турнирден тексттик трансляция жүргүзүп жатат.

Алгач жаңыларыАлгач эскилери
11:17 09.02.2020

Шевченко өз сөзүндө күйөрмандарына ыраазычылык билдирип, Кыргызстанга да салам айтып өттү.

11:13 09.02.2020
11:11 09.02.2020

Жеңди!!! Валентина — чемпион!!!

11:09 09.02.2020

Үчүнчү раунд башталды

11:08 09.02.2020

Экинчи раунд соүуна чыкты. Акыркысы калды. 

11:08 09.02.2020

Мыкты! Сөз жок!

11:06 09.02.2020

Валентина атаандашын кайра жыгып, үстүнө чыгып алды.

11:06 09.02.2020
11:04 09.02.2020
11:03 09.02.2020

Экинчи раунд башталды.

11:02 09.02.2020

Биринчи раунд бүттү. Чукагяндын канжалап калганын көрүүгө болот. Азыр спортчулар тыныгууда.

11:01 09.02.2020

Шевченко атаандашын буттан алып жерге жыкты.

10:58 09.02.2020

Эки мушкер тең бири-бирине байкоо салып жаткандай.

10:57 09.02.2020

БАШТАЛДЫ!!!

10:57 09.02.2020
10:52 09.02.2020

Артынан Кыргызстандын желегин көтөрүп келе жатышат. Жанында машыктыруучусу Павел Федотов менен эжеси Антонина Шевченко бар.

10:51 09.02.2020

Валентина Шевченко келе жатат!!! Лезгинканын музыкасы жаңырууда.

10:49 09.02.2020

Октагонго Кэтлин Чукагяны чыгып келе жатат.

10:38 09.02.2020

Жастин Тафа жеңишке жетти. Эми Шевченко чыгат.

10:26 09.02.2020

Азыр октагонго Хуан Адамс менен Жастин Тафа чыкты. Ушул беттештен кийин Валентина Шевченко менен Кэтлин Чукагяндын күч сынашуусуна күбө болобуз.

 

10:17 09.02.2020

Ал эми Шевченко өз бөлмөсүндө даярданып жатат.

10:14 09.02.2020

Шевченконун атаандашы Кэтлин Чукагян келди.

10:05 09.02.2020

Баса, Шевченкого күйөрмандык кылуу үчүн турнирге Голливуд жылдызы Холли Берри келди. Эскерте кетсек, Валентина Берринин мушкер кыз туурасындагы тасмасына тартылган. Кино тартуу иштери өткөн жылдын декабрында жыйынтыкталган болчу.

09:57 09.02.2020

Ушу тапта октагонго АКШнын теги босниялык болгон мушкери Мирсад Бектич менен америкалык спортчу Дэн Иге чыкты. Экөө жарым жеңил салмак категориясында ат салышмакчы. Мушкерлер 28 жашта.

09:45 09.02.2020

Биринчи беттеште Илир Латифи жеңишке ээ болду.

09:34 09.02.2020

Бул мелдеште башкы беш беттеш бар. 

1. Деррик Льюис vs. Илир Латифи

2. Мирсад Бектич vs. Дэн Иге

3. Хуан Адамс vs. Жастин Тафа

4. Валентина Шевченко vs. Кэтлин Чукагян

5. Жон Жонс vs. Доминик Рейес

Ушу тапта октагондо Деррик Льюис менен Илир Латифи күч сынашып жатат.

09:01 09.02.2020

Шевченконун жеңишке карай жолу 

08:53 09.02.2020

Белгилей кетсек, Валентина 2019-жылдын 7-апрелинде Кыргызстанга машыктыруучусу менен келип кеткен. 8-апрелде Бишкекте болуп, эртеси Ош шаарындагы күйөрмандары менен жолуккан. Атактуу мекендешибизди аэропорттон салтанаттуу тосуп алып, мушкер кызды президент Сооронбай Жээнбеков "Даңк" ордени менен сыйлаган. 

Встреча президента Сооронбая Жээнбекова с чемпионкой UFC Валентиной Шевченко  - Sputnik Кыргызстан
08:44 09.02.2020

Кыргызстандык мушкер кыз ар тараптуу инсан. Октагонго чыгып мыкты мушташуудан сырткары чимириле бийлейт Кезинде энеси назиктигин жоготпосун бий ийримине катыштырган экен. 

08:39 09.02.2020

Эскерте кетсек, Валентина Шевченко 32 жашта. Каймана аты — The Bullet (Ок)

 

Бой Валентины Шевченко и Холли Холм на UFC on FOX 20 в Чикаго - Sputnik Кыргызстан
Шевченко Валентина Анатольевна. Өмүр баяны
00:02 09.02.2020

Букмекерлердин божомолунда Шевченконун жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү көбүрөөк.

23:59 08.02.2020

Кечээ мушкерлер таразага түшүп, эки кыз тең 56,5 килограмм болуп чыгышкан.

23:55 08.02.2020

Шевченконун атаандашы — АКШлык мушкер Кэтлин Чукагян. Ал UFC уюмунда 2016-жылдан бери таймашып келет. Бул убакыт аралыгында эки ирет калыстардын бирдей добушу менен жеңишке жетишип, Шевченко менен беттешүү талабын койгон болчу.

23:50 08.02.2020

Кыргызстандык мушкер ушуну менен ирет чемпиондугун үчүнчү ирет коргоп жатат. Акыркы жолу Лиз Кармушту упай менен утуп алган.

Жаңылыктар түрмөгү
0