10:46 14 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8106
  • EUR76.8580
  • RUB1.0870
Голливуддук актриса Холли Берри. Архивдик сүрөт

Валентина Шевченко Холли Берри менен киного тартылат. Сүрөт

© AFP 2019 / ANGELA WEISS
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
293 0 0

Шевченко актриса менен таанышканына жана кино тармагында чогуу иштей турганына кубанычта экенин айткан. Спортчу актриса менен чогуу түшкөн сүрөтүн Twitter баракчасына жөктөдү.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. UFC чемпиону Валентина Шевченко голливуддук актриса Холли Берри менен киного тартыла турганын кабарлады.

Кыргызстандык спортчу актриса менен чогуу түшкөн сүрөтүн Twitter баракчасына жүктөгөн.

​Шевченко Берри менен таанышып, кинодолбоорго катышып жатканына кубанычта экенин билдирген.

Спортчу менен актрисанын чогуу тамактанган да сүрөтү жарыяланды. Алардын жанында Валентинанын машыктыруучусу Павел Федотовдун отурганын көрүүгө болот.

​Фильм тууралуу башка эч кандай маалымат айтылган эмес.

Ал эми 53 жаштагы актриса "Люди Икс", "Умри, но не сейчас" сыяктуу тасмаларда жараткан ролдору менен белгилүү. Андан сырткары, ал быйыл чыккан "Джон Уик 3" фильмине да тартылган.

Тема боюнча

Керемет жан! Шевченконун чимирилип, чайпала ар элдин бийин аткарган видеосу
Белгилер:
Павел Федотов, кино, Валентина Шевченко

ЭҢ МААНИЛҮҮ