БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко америкалык Кэтлин Чукагянды техникалык нокаут менен жеңип, дагы бир ирет UFC чемпиону болду.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Ушуну менен кыргызстандык спортчу чемпиондук наамын үчүнчү ирет коргоду.
Биринчи бөлүктө Шевченко атаандашын басып алып чыканак менен урганда маңдайы жарылып кетти. Экинчи раундда дагы партерде иштеп, күтүлбөгөн соккуларды жасап атаандашынын айласын кетирди. Үчүнчү раунд башталары менен Шевченко Чукагянды көтөрүп чаап, токтоосуз бетке уруп кирди. Буга чыдабаган атаандашы багынып берүүгө аргасыз болду.
Шевченко чемпиондук курду 2018-жылы польшалык Йоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. Быйыл америкалык мушкерлер Жессика Ай менен Лиз Кармушту жеңип, наамын коргоп калган.
Ал эми атаандашы Чукагян ММА боюнча 13 беттешти утуп, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.
UFC уюмунда 2016-жылдан бери таймашып келет. Бул убакыт аралыгында эки ирет калыстардын добушу менен жеңишке жетишип, Шевченко менен беттешүү талабын койгон болчу.